Бишкектин райондор аралык соту «экологиялык зыян келтирүүлөрү» үчүн деп «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясын 6,7 млрд. сом айып төлөп берүүгө милдеттендирди. Бирок Мамэкотехинспекциянын билдирүүсү боюнча, компания ал сумманы төлөп берүүдөн баш тартууда.

25-майда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын  «Кумтөр» компаниясына карата экологиялык зыян келтирүүлөрдүн ордун толтуруу боюнча жазган экинчи доо арызы канааттандырылды.  

Эми компания 6,7 млрд сом төлөп бериши керек. Бирок мекеменин Өнөр жай жана тоо-кен көзөмөлү башкармалыгынын начальниги Максат Абдылдаевдин айтымында, «Кумтөр» көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүдөн баш тартууда.

«Кечээ калдыктарды муздун үстүнө төккөндүктөрү үчүн жазылган экинчи доо арыз каралып, райондор аралык сот тарабынан канааттандырылды. Келтирилген зыян 6 млрд 698 млн 870 миң сом деп бааланды», — деди ал.

Абдылдаев Мамэкотехинспекция «Кумтөр» тарабынан келтирилген чыгым мамлекетке төлөнүп бермейинче  соттошо бере турганын айтты.

«Материалдарды сотко бергенден кийин алар келтирилген зыянды төлөгөнгө чейин соттошобуз. Аягына чейин барабыз. Биз бул сумманы 2012-жылдын декабрында айтканбыз. Эгер алар төлөп берүүгө даяр болгондо, ошондо эле төлөп берип салышмак. Алар макул болбой жатышат, ошондуктан алар менен соттошуп жатабыз», — деди ал.

Абдылдаев 27-майда райондор аралык сотто «Кумтөр» тарабынан жер ресурстары мыйзамынын бузулгандыгы боюнча жазылган үчүнчү доо арыз карала тургандыгын кошумчалады.

Инспекция жалпысынан «Кумтөргө» карата төрт доо арыз берген:

  • — Эсепке алынбаган калдык заттар боюнча 600 миң сомдон ашык суммага;
  • — Калдыктарды муз үстүнө таштоо боюнча;
  • — Жер катмары менен жер ресурстарын бузуу боюнча;
  • — Өндүрүштө жана чарбада пайдаланылган суу үчүн акы төлөбөө боюнча.

«Кумтөрдүн» басма сөз катчысы Марина Гаврилова «чиновниктин айткандары боюнча түшүндүрмө бербейм» деп, маек куруудан баш тартты.

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик «Кумтөрдүн» жаратылышты сактоо тармагында аткарган иштери тууралуу отчет бербегендигин билдирип, компанияга эскертүү берген.

«Кумтөр» — толугу менен канадалык Centerra Gold Inс корпорациясына таандык болгон алтын өндүрүү компаниясы. Кыргызстан Centerraнын акцияларынын дээрлик 33%ына ээлик кылат.