Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди ээлеген кызматынан бошотту. Анын ордуна министрдин милдеттерин Кашкар Жунушалиев аткарат.

ИИМ башчысы Мелис Турганбаев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, ага президент 30-майда кол койду.

«Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин отставкасы кабыл алынып, ал Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынан бошотулсун», — деп жазылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов Kloop.kgге Турганбаев кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирди.

Турганбаевдин өзү «Азаттык» радиосуна курган маегинде анын кызматтан кетишинде «эч кандай саясаттын жоктугун» билдирди.

«Кызматтан кетүү тууралуу арызды мен мурдараак жазгам. Президент ага бүгүн кол койду. Менин отставкага кетишимде эч кандай саясат жок, мен жөн гана эс алууну чечтим», –деди мурдагы министр.

Ички иштер министринин милдеттерин Бишкек ИИББсинин башчысы Кашкар Жунушалиев аткарат.

«Кыргыз Республикасынын премьер-министринин сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусуна чейин Жунушалиев Кашкар Астаканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалсын», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Турганбаев ички иштер министри кызматын 2014-жылдын октябрынан бери ээлеп келген.

Буга чейин эксперттер Kloop.kgге курган маектеринде анын министрлик кызматка дайындалышы өлкөдөгү нааразычылык маанайларды кармап турууга байланыштуу экенин айтышкан.

Турганбаев кыргыз интернет мейкиндигинде унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган бишкектик Назгүл Чодронованын артынан түшүп кубалаган милиция кызматкерлеринин видеосу жарыялангандан кийин чоң талкууга алынган.

Анда Чодронова Жол кайгуул инспекторлорун «Мелис байке» менен тааныш экендигин айтып коркуткан. Бирок кийинчерээк Турганбаев Чодронова менен тааныш эмес экенин билдирген.