«Кумтөр» алтын кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Гааганын арбитраждык сотуна доо арыз берди.

«Центерранын» кыргыз өкмөтүнө каршы доо арызы тууралуу 30-майда, компаниянын сайтындагы билдирүүдөн белгилүү болду. «Центерра» Кыргызстандагы «Кумтөр» алтын кенин иштеткен «Кумтөр» ишканасына ээлик кылат.

«Центерра» кыргыз бийлигинин бир канча аракети боюнча даттанган:

  • «экологиялык зыян» үчүн компенсация катары деп сот аркылуу 6,7 млрд сом талап кылып жаткан Мамэкотехинспекциянын доо арызы боюнча;
  • «Кумтөрдүн» Бишкектеги кеңсесиндеги тинтүүлөр боюнча;
  • компаниядан 200 млн. долларды «мыйзамсыз чыгарып кетүү» тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын дооматтары боюнча;
  • Башкы прокуратуранын жерди пайдалануу сертификатын жокко чыгаруу жөнүндөгү талабы боюнча;
  • 1-июлдан тарта «Кумтөрдүн» ишинин токтошуна алып келе турган 2016-жылга карата кендин ишмердүүлүгүнүн ар жыл сайынкы планынын макулдашылбагандыгы боюнча.

Буга чейин «Центерра» кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын билдирген, бирок компания анын өз ара пайдалуу чечимге алып бара тургандыгынан күмөн санап жаткан.

«Компаниянын «Кумтөр» долбоору боюнча пайда болгон белгилүү бир маселелерди же бардык маселелерди чече ала тургандыгынын кепилдиги жок. Ошондой эле өкмөт менен «Центерранын» ортосундагы кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптан тең кабыл алына турган чечимге алып келеринин кепилдиги жок», — деп жазылган расмий билдирүүсүндө.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева Kloop.kgге «азырыча өкмөт бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн карманып жатканын» айтты.

«Бул маселеге [вице-премьер] Олег Панкратов жооп берет. Азыр ал Астанада жүрөт, ошондуктан биз түшүндүрмө берүүдөн кармануудабыз», — деди ал.

Түшүндүрмө берүүдөн «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү да баш тартышты. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, иш боюнча угуулар Стокгольмдо өтөт.

Канадалык «Центерра» корпорациясы «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын акцияларынын 100 пайызына ээлик кылат, өз кезегинде Кыргызстандын өкмөтү «Центеррадагы» акциялардын дээрлик 33 пайызына ээ.

2016-жылдын майында Мамэкотехинспекция «Кумтөр» 6,7 млрд сомдук «экологиялык зыяндын» ордун толтурмайынча компания менен соттошо бере турганын билдирген.

2016-жылдын апрелинде Кыргызстандын тергөө органдары «Кумтөрдүн» каражаттары менен активдерин мыйзамсыз чыгарып кетүү тууралуу кылмыш ишинин алкагында компаниянын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Автор: Александра Титова