Маданият министрлиги тасмалардын «порнографиялуулугун» аныктап, аларды массалык көрсөтүүгө чыгаруу-чыгарбоону чече турган комиссия түзүүнү сунуштады.

25-майда Мадания министрлиги тасмаларда «порнографиянын» бар-жоктугун текшерүү үчүн аларды көрүп чыга турган атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

Мекеме порнографиялык көрүнүштөр бар тасмаларга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатка ылайык, андай тасмалар «адамдын психикасына, анын руханий жана физикалык өсүүсүнө терс таасирин тийгизет».

«Акыркы кездери коомдо агрессивдүү жүрүш-туруштун калыптануусунун жана кылмыштуулуктун өсүүсүнүн тобокелдик фактору болуп эсептелген порнографиялык жана башка терс маалыматтарды көрүү маселеси курч турат, анткени алар түрдүү кылмыш көрүнүштөрү үчүн азыктандыруучу чөйрө болуп саналат», — деп жазган негиздеме-маалымкатка министр Алтынбек Максутов.

Мамлекеттик «Кыргызфильмофонд» фондунун директору Урмат Айталиев Kloop.kgге акыркы жылдардагы тасмаларда адамдарга терс таасир эте турган кадрлар бар экенин билдирди.

«Бизде маданият менен чыгармачылык ачык жана эркин болуш керек, бирок рынокто порнографиялык мүнөздөгү кадрларды камтыган тасмалардын пайда болушу менен биз балдарды, өспүрүмдөрдү, жалпы эле коомду порнография, сепаратизм, экстремизм сыяктуу терс маалыматтардан коргоо үчүн чараларды көрүүнү каалайбыз», — деди ал.

Айталиевдин айтымында, комиссия жалпы көрсөтүүлөрдү жана интернет-ресурстарды көзөмөлдөйт. Анын курамына кинематография өкүлдөрү жана түрдүү түзүмдөрдүн (диний, мамлекеттик жана укук коргоо органдары) адистери киришет.

Сынчылардын «СоКино» командасынын редактору Арген Адил уулу идеяны ишке ашыруу натыйжалуу болбойт деп эсептейт. Анын пикиринде, тарбиялык мүнөздөгү иштер менен алектенип, үй-бүлө институттарын бекемдөө керек.

«Мен мындай демилгеге каршымын. Кептин төркүнү тыюу салынган мөмөнүн даамдуу экендигинде. Анан да порнографиялык тасмалар ачык жеткиликтүүлүктө. Тыюу салуу менен алектенгенден көрөк тарбиялык мүнөздөгү иштер менен, ошол эле балдардын, өспүрүмдөрдүн тарбиясына таасир этчү үй-бүлөлүк институттарды бекемдөө менен алектенген оң», — деди ал.

Сүрөттө: Режиссер Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үй» тасмасынан алынган кадр