Стамбулдун автобус аялдамасындагы жардыруудан 11 киши каза болуп, дагы 36сы жаракат алды.

Стамбулдун борборундагы жардыруу 7-июнда болду. Жергиликтүү Hurriyet басылмасы Беязыт кварталындагы автобус аялдамасында жардыруучу зат коюлган унаа жарылганын билдирди.

Жардыруудан кеминде 11 киши каза болду, алардын жетиси — түрк полициясынын кызматкерлери, төртөөсү — жергиликтүү тургундар. Андан сырткары дагы 36 киши түрдүү деңгээлдеги жарааттарды алышты.

Би-би-си жарылуучу затты алыс жерден ишке киргизген болуулары мүмкүндүгүн билдирүүдө.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, жарылуучу зат алыс жерден ишке киргизилген. Жергиликтүү телеканалдан көрсөтүлгөн кадрларда жарылган автобус менен жакын жайгашкан үйлөрдүн зыянга учураганы көрүнүп турат», —  деп жазды басылма.

Hurriyetтин маалыматы боюнча, жардыруу аялдаманын жанынан полиция автобусу өтүп бара жатканда болгон.

«Ал ортодо жардыруудан кийин атышуулардын угулганы белгилүү болду. Ошондой эле ал жактан өтүп бара жаткан полиция унаасы да жарылган деген божомолдор бар» , — деп жазды басылма.

Учурда окуя болгон жерде полиция кызматкерлери менен тез жардам кызматынын унаалары бар. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери аймакты курчоого алышты. Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Стамбул аялдамасындагы жардыруу — акыркы айларда Түркияда болгон теракттардын серияларынын бири.

Ушундай эле окуя 2016-жылдын 12-майында Стамбулдагы аскер базасынын жанында болгон. Анда да жарылуучу зат орнотулган унаа жарылган.

Дагы бир жардыруу 2016-жылдын мартында Диярбакыр шаарында болгон. Анда автобус станциясынын жанынан полиция автобусу өтүп бара жаткан маалда бомба жарылган. Анын жыйынтыгында кеминде алты киши каза болгон.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Айжамал Мураталиева