Парламенттин социалдык маселелер боюнча профилдик комитети жума намазы үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун четке какты. Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов мыйзамдын кабыл алынышына каршы добуш бергендерди «дин душмандары» деп атады.

Жума намазы үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттар Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун сынына кабылышты.

Ал эл өкүлдөрү «динге тоскоолдук кылып», анын «душмандары» болуп эсептелише тургандыктарын билдирди. Анын пикиринде, андай адамдардын ысымдары «атайын базада» камтылышы керек.

Ал Кыргызстандын демократиялык эркин өлкө экенинен пайдаланып, жеке пикирин билдирип жатканын кошумчалаган.

«Мен, Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен бир дасторкондо отурбайм, аларга кол берип саламдашпайм, алардын жаназасына турбайм, алар катышкан шайлоолордо добуш бербейм», — деп жазды ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш берген КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев «Кабарлар» маалымат агенттигине курган маегинде дин ишмеринин сөздөрүнө «реакция жасоонун кажети жок» деп ойлой турганын билдирген.

Бирок кийинчерээк ал «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу Жалиловду экстремизмге айыптаган.

«Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы [...]. Тиги Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери-бул ЭКСТРЕМИЗМ, ТАКФИРИЗМ! Эгер ал бүгүн депутаттарды диндин каршылаштары деп атап жатса, анда анын кийинки кадамы кандай болот?» — деп жазды ал.

6-июнда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча профилдик комитети «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тазабек Икрамов тарабынан 2016-жылдын 19-февралында демилгеленген жума намазы үчүн түшкү тыныгууну узартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун четке каккан.

Долбоордун демилгечиси Икрамов мусулман жарандарына түшкү тыныгуу маалында намаз окуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

«Намаз түшкү маалда болот. Аны аткаруу үчүн жарандар жумуштарын калтырууга аргасыз болуп жатышат. Ал аткарылган жумуштун сапатына таасир этип, айрым жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерине сөгүш жарыялоосуна чейинки конфликттүү абалдар жаралышы мүмкүн», — деп жазган ал мыйзам долбоору тууралуу.

Бирок анын демилгесине Жанар Акаев каршы чыгып, динге байланышкан маселелерди мыйзам кабыл албастан эле чечүүнү сунуштаган.

«Намаз окуган же окубагандардын статистикасын табуу кыйын. Аны кантип эсептейбиз? Анан да ал маселени сыртка чыгарбастан эле жетекчи менен кол алдындагы адам өз алдынча чечишип алышса болобу?», — деп билдирген ал.

Комитеттин тогуз мүчөсүнүн үчөөсү мыйзам долбоорун колдошкон, а алтысы — каршы добуш беришкен. Алар: КСДП фракциясынан Жанар Акаев, Гүлкан Молдобекова, Евгения Строкова жана Альфия Самигуллина, ошондой эле «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Аида Исмаилова менен «Кыргызстан» фракциясынан Алмазбек Токторов.