Бишкекте «Энактус Кыргызстан» — 2016 деген аталыштагы кыргыз жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасындагы стартаптардын жарышы болуп өттү. Анда командалар жеке бизнес-долбоорлорун сунушташты. Kloop.kg сынактагы эң кызыктуу идеялар жөнүндө баяндап жазат.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасындагы «Энактус Кыргызстан» сынагы 10чу жана 11-июнь күндөрү Бишкекте өттү. Жалпысынан ага он команда катышты. 

Биринчи орунду Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) студенттери алышып, Кыргызстандын атынан Канадада өтчү дүйнөлүк Enactus кубогуна катышуу укугуна ээ болушту.

IMG_7900

Экинчи орунга Кыргыз Улуттук университетинин (КУУ) командасы ээ болсо, үчүнчү орунду Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) командасы алды.

Kloop.kg байгеге ээ болгондордун кызыктуу долбоорлорунун топтомун даярдады.

Студенттер үчүн комплекстүү «ШамШум» тамагы

ОшМУнун «Энактус» командасы үч долбоорун көрсөттү. Алардын бири студенттерди экологиялык таза тамак менен камсыз кылган, а үй кожойкелеринин үйдөн чыкпастан эле акча иштеп табуусуна мүмкүндүк берген «ШамШум» долбоору.

Долбоорун тааныштыруу маалында ОшМУ командасы Ош шаарында жети миңден ашык жумушсуз жаран катталганын, алардын үч миңин аялдар түзө тургандыгын белгилешти. Ошондой эле Оштогу алты миң студенттин жарымынан көбү алгылыктуу баада түшкү тамак сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ эмес экендиги айтылды.

ОшМУ командасы үч үй кожойкесин чогултуп, алар «ШамШум» аталышындагы комплекстүү түштөнүү тамактарын даярдоого киришишкен. Бир түшкү тамактын курамына жаңы жашылча-жемиштерден турган бутерброд, жалбыздуу момпосуй, ашкана шаймандары жана кагаз майлык кирет. Анын бардыгы экологиялык жактан таза кагаз баштыкка салынган. Бир даана түшкү тамактын баасы 50 сомду түзөт. «ШамШумду» университеттин имаратынын өзүнө алып келүүгө тапшырык берүүгө болот.

Бүгүнкү күндө команданын дүңүнөн тапшырык жасаган кардарлары бар – алар ОшМУнун имараттарынын бириндеги жана Ош шаарындагы мектептердин ашканалары. Команда дээрлик бир жарым миң даана комплекстүү тамак сатып, анын кирешеси 65 миң сомду түзгөн.

Жаңы академиялык жылы командада Оштун борборунда сатуу түйүнүн ачуу планы бар. Анда студенттерге гана эмес, а Оштун башка жашоочуларына да комплекстүү түшкү тамактар сунушталат.

«Энчилик» — көзү көрбөгөн адамдардын жылып жүрүүсү үчүн таяк

IMG_7892

КУУнун командасынын долбоорлорунун бири «Энчилик» көзү көрбөгөн адамдардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Алардын жылып жүрүүсү — өз алдынчалуулукка болгон эң алгачкы кадам, а ал жолдогу маанилүү атрибут — таяк.

Долбоорлорун тааныштырууда команда өлкө боюнча беш миңден ашык көзү көрбөгөн жаран бар экенин, аны менен катар Борбордук Азиянын аймагында массалык түрдө таяктарды чыгаруу өндүрүшү жок экенин белгилешти.

Команданын көзү көрбөгөн адамдар арасында жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, чет өлкөлөрдөн алынып келинген таяктар күн сайын пайдалануу үчүн жараксыз. Алар ал таяктардын өтө эле оор жана кыска экендигин айтып даттанышкан. Буга байланыштуу команда көзү көрбөгөн адамдардын текши эмес жолдор аркылуу жылып жүрүүлөрүнө ылайыктуу боло турган ийилме таяктарды жасап чыгаруу чечимине келген.

КУУнун «Энактус» командасы жергиликтүү усталар менен биргеликте таяктардын техникалык мүнөздөмөлөрүн карап чыгышып, ишке киришишкен. Таяктарды тестирлөө жана алардын кемчиликтерин аныктоо үчүн даярдалган үлгүлөр дароо эле көзү көрбөгөн адамдар менен иштеген «ЭмпауэрБлайндПиплдин» машыктыруучуларына жөнөтүлгөн.

Эки айдан кийин алар таяктардын көзү көрбөгөндөрдү үйрөтүү ыкмаларына дал келген оптималдуу болгон форматын аныктап беришкен. Тиешелүү мүнөздөмөлөргө жооп берген, текши эмес жолдордо жылып жүрүүгө мүмкүндүк берген ийилме, жеңил таяк 1140 сом турат, анын 250 сому устанын иши үчүн берилет. Таяктарды кошумча акча иштеп табуу мүмкүндүктөрүн талап кылган балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жасап чыгарышат.

IMG_7894

«ГазБа» — күндүн энергиясы менен суу жылытуу жабдуусу

КМТУнун Enactus командасы аймактардагы адамдардын көбү анда-санда, — жумасына бир жолу же андан да сейрек жууна турганын аныктап чыгышкан. Анын себеби катары ысык суунун жана электр жарыгынын жоктугу айтылган.

Ошондуктан команда күндүн эсебинен иштей турган «Күн коллекторун» иштеп чыккан. Коллектор бир канча бөлүктөн турат — насос, радиатор менен аккумулятор салына турган кара түскө боелгон жыгач куту жана жылыган сууну колдонуучуга жеткире турган челек.

Команда мүчөлөрү коллекторду чогултуп, аны өз үйүнө орнотууга кызыккан адамдарды табышкан. Андан соң ыктыярчылар эки коллектор чогултушкан. Аларды таштандыда жаткан кадимки эле нерселерден жасоого болот, бирок анын кемчиликтери бар: ал күн бар болуп турганда гана иштейт.

Ошондуктан кийин өзүнчө бир долбоорго айланган коллекторго дагы кошумчалар пайда болгон. «ГазБа» кандай гана мезгилде болбосун иштейт. Ал суу жылытуу жабдуусуна айлантылган кадимки эле газ баллону. Базарда ушундай эле суу жылыткыч алты миң сом турат, а «ГазБа» – эки миң сомдон бир аз жогорураак.

«ГазБаны» пайдаланып жаткан адам эгер анын кандайдыр бир деталы бузулуп калса анын каалаганын алмаштыра алат. Жалпысынан команда он бир суу жылытуучу «ГазБаны» жасап чыгышкан, алардын тогузу сатылып, бирөөсү — балдар үйүнө белек катары берилген.

Enactus

Enactus — адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн активдүү студенттерди, ишкерлерди жана окутуучуларды бириктирген эл аралык коммерциялык эмес уюм. Жыл сайын өтүүчү «Энактус Кыргызстан» мелдештерине өз ишкерлик идеялары менен түрдүү университеттердин командалары катышышат.