АКШнын Бишкектеги элчилигинин коопсуздук кызматынын өкүлдөрү активисттердин Орландодогу ок атуу маалында каза болгондорду эскерип шам жагуусуна тоскоолдук кылышты.

Орландодогу гей-клубдагы ок атуу маалында каза болгон 50 кишини эскерүү үчүн 14-июнда АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдына 15ке жакын активист чогулду. Бирок акцияны толук өткөрүүгө элчиликтин коопсуздук кызматкерлери тоскоолдук кылышты.

«Бирдей укуктар үчүн» тобунун негиздөөчүсү жана акциянын уюштуруучусу Михаил Кудряшов Kloop.kgге коопсуздук кызматкерлери гүлдөрдү коюуга уруксат беришкенин, бирок башка кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө тыюу салышкандыгын айтты.

«Биринчи алар биздин маанайыбызды бузду. Экинчиден — каза болгондорду эскерүү үчүн шамдарды жагуубузга жана асан-үсөн түсүндөгү тасмаларды байлообузга уруксат беришкен жок, символикалуу болмок, анткени ЛГБТнын балдары каза болушпады беле», — деди ал.

Кудряшов акциянын алдында ал элчиликке телефон чалып, акция өткөрүүгө уруксат сурагандыгын жана ага телефон аркылуу эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө уруксат бергендиктерин айтты.

«Биз башкы постко барганда анда отургандар — формачан аял менен эркек — видеого жана сүрөткө тартпаш керектигибизди жана эч нерсе кылууга болбой турганын айтып, болгону гүлдөрдү коюп гана кетишибизге уруксат беришти», — деди ал.

Акциянын катышуучусу Сергей Костюков Kloop.kgге алар Орландодогу теракт жөнүндө уккандан кийин тилектештигин билдирүү үчүн чогулгандыктарын айтты.

«Коопсуздук кызматкерлери бизге карата кыйла жийиркеничтүү мамиле кылышты. Биз каза болгондорду эскерүү үчүн барганбыз, а алар ушундай реакция кылышты», — деди ал.

«Мен жөн гана каза болгондорду эскерүү үчүн баргам, башка эч кандай кызыкчылыктар жок болчу. Негизи биз каалаган нерселерибиздин баарын жасадык, бирок элчиликтеги бизге карата жасалган мамиледен улам көңүлдө так калды», — деп кошумчалады акциянын дагы бир катышуучусу Натали.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн барган Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титова анын анда сүрөткө тартуусуна тыюу салгандыктарын жана ага чейин тартып алган сүрөттөрүн өчүрүүсүн өтүнгөндүктөрүн айтты.

«Мен маалымат каражатынын өкүлү экенимди көрсөтүү үчүн бэйджигимди алып чыктым — алар аны көпкө карашып, анан аты-жөнүмдү жазып алышты. Алар: “Сүрөткө тартпа”, “Бул жакка баспа”, “Тигил жакты караба” дешти, мына ушундай мамиле болду», — деди ал.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн америкалык элчиликтин өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Орландо шаарынын гей-клубундагы ок атуу

Американын Флорида штатындагы Орланда шаарында кол салуу 12-июнда болгон — жашоочулардын бири 300дөн ашык киши бар «Pulse» деген гей-клубда ок чыгарган. Анын жыйынтыгында 50 киши каза болуп, дагы 53ү жаракаттарды алышкан. АКШ бийлиги кол салууну террористтик акт деп баалашты.

Кол салган адам Флоридада жашап,  G4S деген күзөт кызматында иштеген АКШнын 29 жаштагы жараны Омар Саддики Матин болуп чыккан. Америкалык ЖМКлар терактты 2001-жылдын 11-сентябрдан кийинки эң ириси деп аташты.

АКШ президенти Барак Обама 16-июнга чейин созулчу расмий аза күтүү жарыялады. Ал бардык штаттарда мамлекеттик желектерди төмөн түшүрүүнү буюруп, демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтонду колдогон шайлоо алдындагы митингге барбоо чечимин кабыл алды.

Дүйнө лидерлери каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтышып, адамдардын массалык өлтүрүлүшүн айыпташты. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Обамага көңүл айтып, «катаал» жана «үрөй учурган терроризм актысын» айыптай турганын билдирди.

Соавтор: Александра Титова