Кыргызстанда алгачкы жолу өспүрүмдөрдүн кинофестивалы болот

Өлкөдө биринчи жолу уюшулуп жаткан “Карек” кинофестивалы 6 жаштан 17 жашка чейинки балдардын өздөрү тарткан тасмаларын 14-июндан тарта кабыл ала баштады. Фестивалдын жеңүүчүсүнө өзүнүн жеке кыска метраждуу тасмасын тартууга шарт түзүлөт.

Фестиваль Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Ак Илбирс” академиясы, Кинематографисттер союзунун колдоосу менен өтүүдө.

Кинолорду кабыл алуу 2016-жылдын 15-октябрына чейин жүрмөкчү. Мыкты тасмалар Кыргызстанды балдардын эл аралык кино фестивалында таанытаарын айтышат уюштуруучулар.

“Иш чаранын максаты балдардын бош убактарында интернеттен туура эмес маалыматтарды алгандын ордуна, жакшы жакка умтулуп, келечекте жакшы чыгармачыл инсандарды пайда кылуу”, — деди Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов.

“Карек” кино фестивалынын жетекчиси Толкун Дайырбекованын айтымында, иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

“Тасманы 10 мүнөттүн тегерегинде кыска метраждуу кылып жана каалаган камерада, телефондо, планшетте тартса болот. Уюштуруу идеясы Кыргыз киносунун ээлери, ошондой эле Алтынбек Максүтовго таандык”, - деп айтты Дайырбекова Kloop.kgге курган маегинде.

“Карек” эки бөлүктө өтмөкчү: 6 жаштан 12 жашка чейинкилер өзүнчө таймашса, ал эми 13-17 жаштагылардын эмгектери өзүнчө сынакка катышат.

Фестивалда тогуз номинация боюнча мыктылар аныкталат. Алар “Мыкты оюн тасмасы”, “Мыкты анимациялык тасма”, “Мыкты режиссёр”, “Мыкты сценарист”, “Мыкты оператор”, “Мыкты жаш актёр”, “Мыкты жаш актриса”, “Мыкты монтажёр”, “Мыкты даректүү тасма” номинациялары болуп саналат.

Даярдаган: Алмаз Эшбаев