Нарын облусундагы Комсомол айылынын жетекчилиги имамдын демилгеси менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды. Жаңы эрежени бузган сатуучулар 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөшөт.

Нарын облусунун Комсомол айылында алкоголь ичимдигин сатууга тыюу салуу чечими 2016-жылдын июнунан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу Kloop.kgге айыл башчысы Азатбек Нурманбетов билдирди.

Анын айтымында, демилге спирт ичимдиктерин сатуу үчүн айып киргизүүнү сунуштаган жергиликтүү мечиттин имамы Рустам Чыровго таандык. Ал идеяны айыл тургундары менен сатуучулар бир добуштан колдогондуктарын кошумчалады.

«Бул чечимди сатуучулар менен жашоочулардын бардыгы тең түшүнүү менен кабыл алышты. Эгер кимдир бирөө спирт ичимдигин сата турган болсо, анда ага 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат. Тыюу салуу күчүнө киргенден бери [спирт ичимдигин] саткандар боло элек», — деди ал.

Ал айылда үч чоң жана төрт кичинекей дүкөн бар экенин жана алардын сатуучулары менен айыл жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалады.

Диний ишмер Эрик Молдокулов Kloop.kgге мындай чечимге айылдыктардын «биримдикте жана ынтымакта» жашоо каалоосу себеп болгонун айтты.

«Арак сатылган жерде дайыма уруш-талаштар, жаңжалдар чыгат. Муну менен биз жаштарга үлгү көрсөтүп, жакшы тарбия берүүнү кааладык», — деди ал.

Бирок жергиликтүү жашоочу Парас Абдырахманов тыюу салуунун натыйжалуулугун көрбөй эле. Анын айтымында, кааласа айылдыктар спирт ичимдиктерин коңшу айылдарга барып деле сатып алышат, а тыюу салуу дүкөндөрдүн ишине терс таасирин тийгизүүдө.

«Биз спирт ичимдиктерин сатпай калгандан бери кирешебиз азайды. Анткени коңшу айылдарда спирт ичимдиктери сатылып жатат, ошол жакка барып ичкендер да бар», — деди ал.

Бул Нарын облусундагы спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган алгачкы учур эмес. 2016-жылдын мартында Миң-Булак айыл жетекчилиги дин ишкерлери менен биргеликте алкоголь сатууга тыюу салган. Ушундай эле чечимди 2015-жылдын декабрында Бирлик айылынын бийлиги да кабыл алган.

Автор: Алмаз Эшбаев