Күйдүргү оорусунун катталгандыгына байланыштуу Казакстандан Кыргызстанга алынып келинип жаткан сүт-эт азыктарын текшерүү күчөтүлдү. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө ооруну сегиз киши жуктуруп алган.

27-июнда Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы өлкөгө Казакстандан алынып келинип жаткан азыктарды текшерүүнү күчөттү.

Көзөмөлдү күчөтүүгө Казакстандын Караганда облусунда күйдүргү оорусунун катталгандыгы себеп болду.

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл инспекциясынын басма сөз катчысы Уланбек Итикеев Kloop.kgге учурда мекеме бардык азыктардын киргизилишине тыюу салуу маселесин карап жатканын айтты.

26-июнда Маминспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов кыргыз тарап тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен казак тарап менен Евразиялык экономикалык комиссияга билдирүү жөнөткөнүн билдирген.

Казакстанда күйдүргү 18-июнда, Караганда облусунун сегиз тургуну ооруканага кайрылганда катталган.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитетинин маалыматы боюнча, Караганда облусунун Эркиндик айылынын жашоочусу ветеринардын текшерүүсүсүз эле күйдүргү менен ылаңдаган малды союп, этин айылдын 11 жашоочусуна саткан.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Kloop.kgге жөнөткөн жазуу жүзүндөгү катында жалпысынан өлкөдө күйдүргү 8 кишиге жугуп, алардын экөөсү каза болгонун билдирди.

Күйдүргүгө байланыштуу Казакстан өзгөчө абал режимин киргизип, карантип жарыялады. Оору катталган жерден 50 чакырым радиуста автотранспорттун жүрүүсү, ошондой эле эт-сүт азыктарын ташуу чектелди. Андан сырткары айылга барчу бардык жолдор тосулду.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, өлкөдө күйдүргү жуктурган учурлар катталган жок.

«Республика боюнча күйдүргү жуктурган бир дагы учур жок. Кимдир бирөө атайылап жарандардын арасында дүрбөлөң салып жатат, ал Казакстанда күйдүргү катталгандыгынын фонунда жасалып жатат окшойт», — деген ал K-News агенттигине курган маегинде.

Буга чейин белгисиз адамдар WhatsApp мессенджери аркылуу Кыргызстанда күйдүргү катталып, аны жуктургандар бар экени айтылган аудио таратышкан.

Күйдүргү — Эл аралык медико-санитардык эрежелер боюнча өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын тизмесине кирген жаныбарлар менен адамдардын жугуштуу оорусу.

Күйдүргү адамдын өлүмүнө алып келиши мүмкүн, өзгөчө оорунун формасы өпкөдөгү же ичегидегиси болсо. Анын бардык түрүндө тең заманбап жолдор менен дарылануу аркылуу айыгып кетүүгө болот.

Кыргызстанда күйдүргү оорусу акыркы жолу 2016-жылдын мартында Ош облусунун Алай районунда катталган. Анда жергиликтүү төрт тургун күйдүргү менен ылаңдаган малдын этин жешип, ооруну жуктуруп алышкан. Ооруканага жаткырылгандан кийин алардын бардыгы тең айыгып чыгышкан.