Баткен облусунун Голбо айылында «Канзат» деген аталыштагы тигүү цехи ачылгандан бери болгону эки гана ай өттү, бирок учурда анда иш кызуу жүрүп жаткан чагы. Цехте түрдүү даражадагы майыптыгы бар сегиз аял эмгектенет.

Цехти айылдын жашоочусу Канзат Жуманова атайын долбоор жазып, грант утуп алгандан кийин ачкан.

Ал убакыттарынын көбүн майыптар арабасында өткөргөн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга иштөө мүмкүндүгүн берүүнү каалаганын айтты.

13233114_895361633922797_6866914803362147078_n

13450812_910997122359248_3629914865731319068_n

Иш күнү эртең мененки саат 9да башталып, кечки саат алтыда аяктайт, бирок кээ бирде тигүүчүлөр андан да кечке калып калышат. Алардын бири билдиргендей, баары тең тапшырыктардын санына жараша болот.

«Биздин жакында эле ачылгандыгыбызга байланыштуу тапшырыктар көп эмес. Негизинен биздин айылдыктардын эле тапшырыктары, бирок башка айылдардан келип тапшырып берген учурлар да болгон», — деди тигүүчү Нуриса Сартматова.

13339536_902703116521982_260013389809863434_n

Цехтин жумушчуларынын баары тең буга чейин жумушсуз болуп, өз убактыларын үйлөрүндө өткөрүп келишкен.

13239263_895364493922511_6425848774472865281_n

«Цех ачылгандан кийин кыздардын көңүлдөрү көтөрүлүп калды. Алектене турган нерселери бар, кээде эс алууга бир жактарга барабыз, айрым учурларда жумушта бийлейбиз», — дейт Сартматова.

13312687_902710946521199_8687914199581025157_n

Мүмкүнчүлүгү чектелген жумушчулар үчүн мамлекет тарабынан төлөнчү жөлөк пул жетишсиз көлөмдө, ошондуктан алардын цехте иштөөсү жашоолорун бир топ жеңилдетти.

13237673_895363137255980_2474309852708173660_n

«Дарыга акча жетпей калган учурлар өтө эле көп болгон. Цехте иштөө менен мага бир аз жеңилирээк болуп калды», — дейт Сартматова.

13418917_910997635692530_6561182439309572750_n

13344739_902718459853781_7392664362685342689_n

13339521_902716789853948_415949801034421707_n

13319738_902703529855274_6495646286795242776_n

Анын айтымында, жумушчуларга салттуу кийимдерди, өзгөчө чапандарды тигүү үчүн тапшырыктарды беришет. Бирок тигүүчүлөр ушуну менен гана чектелип калууну каалашпайт.

Цехтин директору Канзат Жуманова цехти кеңейтип, коңшу айылдардагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тартуу каалоосу бар экенин айтты.

Авторлор: Аймир Каныбекова, Данияр Бахридин уулу
Сүрөт: Сымбат Сагынбек кызы