Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарында сел 27-июнда болуп, жолдорду жууп, үйлөрдү каптады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, табият кырсыгынан жаракат алгандар жок.

27-июнь күнү кечинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрүп, үч айылдагы үйлөрдү каптады. Азырынча жергиликтүү бийлик суу каптаган үйлөрдүн так санын билдире элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) таш аралашкан баткак суу агымдарынын пайда болушуна 27-июнь күнү күндүз башталган нөшөрлөгөн жаан себеп болгонун билдирди.

ӨКМдин маалыматы боюнча, суу жалпысынан 12 миңге жакын киши жашаган үч айылды: Үч-Терек, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарын каптаган.

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Дамира Үркүналиева Kloop.kgге сел короолорду, сарайларды, ошондой эле жүгөрү жана беде талааларын зыянга учуратканын айтты.

Үч-Терек айылынын жашоочусу Жоомарт Өмүркулов Kloop.kgге сел агымдары кеминде ал жашаган көчөдөгү 36 үйдү каптаганын билдирди.

«Биздин көчөдө жалпысынан 36 үй бар, суу алардын бардыгын, анын ичинде биздикин да каптады. Үйдүн ичинде дагы деле чопонун жыты жыттанууда», — деди ал.

Айыл жашоочусунун айтымында, тоо тараптан келген суу агымдары айыл жергесиндеги кыймылды оорлоткон. Жеңил унаа ээлери бир жерден экинчи жерге баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

ӨКМдин маалыматы боюнча, сел Жалал-Абад облусунун башка бөлүктөрүндө да катталган.

Молток-Сай, Жол-Сай, Чоң-Таш, Коргон, Мукур айылдарындагы жолдор бузулган. Ал эми Жыл-Булак, Авлетим, Бузурман-Сай айылдарынын ар биринде 6дан 12ге чейинки сандагы үйлөр зыянга учураган.

Июндун ортосунда Талас облусундагы үч айылда сел жүргөн. Анда төрт айылды бириктирип турган эки көпүрө толугу менен бузулуп, дагы тогузу зыянга учураган. Табият кырсыгынан улам андагы унаа кыймылы толук токтотулган болчу.

Майдын аягында 6-7 метр бийиктиктеги сел Баткен облусунда жүрүп, үйлөрдү каптап, алты кишинин өмүрүн алып кеткен. Анда табият кырсыгы негизинен Кадамжай шаары менен Тамаша, Кызыл-Булак жана Охна айылдарын зыянга учураткан.

Автор: Дилнура Абдиламит кызы