28-июнь күнү кечинде Стамбулдун Ататүрк атындагы эл аралык аба майданында кол салуу болду. Эл аралык каттамдардын терминалдарынын алдындагы ок атуулар менен үч жолку жардыруунун жыйынтыгында 36 киши каза болуп, 147си жараат алышты. Каза болгондордун арасында кыргызстандыктар да бар болушу мүмкүн.

Куралдуу үч киши аба майдандын жанындагы унаа токтотуу жайында ок атышып, андан соң эл аралык каттамдардын кире беришинде өздөрүн жардырып жиберишкен. Бул тууралуу Hurriyet түрк агенттиги билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруулар 36 кишинин өмүрүн алып кетип, дагы 147си жаракат алышкан. Жабыркагандардын арасында чет өлкөлүк жарандар да болушкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) теракт маалында кыргызстандыктар да жаракат алган болушу мүмкүндүгүн «жокко чыгарбайт» — ошол маалда аба майданда «Стамбул-Бишкек» каттамы боюнча каттоо жүрүп жаткан.

«Азыркы учурда ал каттамдардагы жарандардын саны такталып жатат», — деп билдиришти ТИМден.

Окуяга күбө болгон кыргызстандык Тилек Токомбаев «Азаттык» радиосуна курган маегинде жардыруу ал багажын тапшырып, паспорттук көзөмөлгө бара жатканда болгонун айтты.

«Баары дүрбөлөңгө түшүп качты. Алар менен бирге биз да качтык. Биздин артыбыздан автомат менен атып, кубалап келатканы бизге угулду. Качкан сайын автоматтын үнү алыстабастан, кайра жакындап келатты», — деди ал.

Кол салуу маалында Zanoza.kg маалымат агенттигинин журналисти Марина Мирошник аба майданда жүргөн. Ал жардыруулардан кийин аба майданда баары дүрбөлөңгө түшүп баштагандыктарын жазды.

«Биз паспорттук көзөмөлдү күтүп турганда дүрбөлөңдүн дагы бир толкуну башталды. Адамдар чуркап, кыйкырып жатышты. Биз полго отурдук. Негизги масса тарагандан кийин сыртка чыктык. Андагыладын баарын Таксим аянтына жеткирип жаткан автобуска отурдук», — деп жазды ал.

Ошол маалда түрк аба майданында жүргөн эколог Дмитрий Ветошкин Стамбул аркылуу Германиядан Кыргызстанга келиши керек болгон кыргызстандыктар жаракат албагандыктарын билдирди.

«Биз баарыбыз аман-эсенбиз, азыр мейманканадабыз. Бардык кыргыз жүргүнчүлөрү да (TK 0348 каттамындагы) жабыркашкан жок, бирок дүрбөлөңдөн улам Стамбулдун ар кайсыл мейманканаларына жайгашып калдык. Шаардын бардык эле жеринде интернет жок, ошондуктан кимдир-бирөө жакындары менен байланыша албай жаткан болсо сарысанаа болбогула, мекендештерибиздин баары тең аман-эсен, шаарда топ-топ болуп жайгашышты», — деп жазды ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Эл аралык «Манас» аба майданынын өкүлдөрү Kloop.kgге 29-июнга караган түнү Стамбулдан Бишкекке үч каттам ийгиликтүү келип конгонун билдиришти. Стамбулдагы кол салууга байланыштуу эки каттамдын учактары учурулган эмес.

Түркия бийлиги окуяны террористтик акт катары баалап жатат. Бирок азырынча жардыруулар үчүн бир дагы уюм жоопкерчилик ала элек.

Өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырымдын айтымында, аба майдандагы кол салуунун артында «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери турушу мүмкүн.

Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган кол салгандарды айыптады. Ал ыйык Рамазан айында кол салуу «терроризм динге жана баалуулуктарга карабастан сокку ура тургандыгын» көрсөтүп жатканын айтты.

«Стамбулдагы теракт бардык өлкөлөрдүн катышуусундагы терроризмге каршы жалпы күрөш үчүн бурулуш учур болуп калат деген үмүттөмүн», — деп билдирди ал.

Ататүрк атындагы эл аралык аба майдан теракттан кийин 29-июндун эртең мененине чейин жабылган. Каттамдардын көбү токтотулуп же Стамбулдун, Анкаранын жана Измирдин башка аба майдандарына багытталган. Учурда аба майдан кайрадан иштеп баштады.

Авторлор: Айжамал Мураталиева, Айсулуу Бердалиева