Эл аралык Ассошиэйтед Пресс жана Рейтер маалымат агенттиктери түрк бийлигине шилтеме жасоо менен 28-июнда Стамбулдун «Ататүрк» аба майданындагы чабуулду Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын жарандарынын жасагандыктарын билдиришүүдө. Азырынча Кыргызстан ТИМи ал билдирүүлөрдү ырастай элек.

30-июнда эл аралык жана түрк басылмаларынын журналисттери укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен Стамбулдун аба майданында өзүн жардырган жанкечтилердин биринин кыргызстандык, а беркилери — өзбекстандык жана орусиялык болгонун жазып чыгышты.

«Кол салууну уюштурган террорчулардын биринин орусиялык жарандыгы бар дагестандык, а берки экөөсүнүн өзбек жана кыргыз болгондугу белгилүү болду. Дагестандыктын Фатих районундагы ижарага алып жашап турган үйлөрдүн биринен табылган паспорту боюнча анын өлкөгө бир ай мурда келгени аныкталды», —деп жазды Haberler басылмасы.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге кыргызстандык жанкечти тууралуу маалымат ырастала электигин билдиришти.

«Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбулдун терроризмге каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту. […] Азыркы тапта түрк ЖМКлары полиция башкармалыгына шилтеме жасоо менен жанкечтилердин үчөөсү тең Чеченстандан келгендер болгондугу жөнүндө жазып жатышат. Бул маалыматтар такталып жатат», — деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматынын өкүлү.

«Ататүрк» аба майданындагы теракт

Стамбулдун «Ататүрк» атындагы эл аралык аба майданына кол салуу 28-июнь күнү кечинде болгон. Эл аралык каттамдардын терминалдарынын алдындагы ок атуулар менен үч жолку жардыруунун жыйынтыгында 42 киши каза болуп, 239у жаракат алган.

ТИМдин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок, бирок бир кыргызстандык колунан жеңил жараат алып, биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан чыккан. Hurriyet түрк басылмасы билдиргендей, каза болгондордун көбү Түркиянын жарандары, алардын саны 20дан ашкан.

Түркия бийлиги аба майданда Сауд Аравиясынын беш, Ирактын эки жараны, ошондой эле Украинанын, Ирандын, Тунистин, Иорданиянын, Кытайдын жана Өзбекстандын жарандары бар болгондуктарын билдирди.

Автор: Алмаз Эшбаев