Кыргызстандын бийлиги Орусиядан келген туристтердин агымынын 20 пайызга азая тургандыгын божомолдоп жатат. Ага орус өкмөтүнүн Түркияга эс алууга салынган тыюуну алуу чечими себеп болушу мүмкүн.

Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Kloop.kgге курган маегинде Орусия бийлиги өз жарандарынын Түркияда эс алуусуна уруксат бергенден кийин Орусиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 20 пайызга азайышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Орусиялыктар Түркиянын деңиз жээктеринде эс алууга көнүп калышкан. Акыркы окуялардан кийин алардын саны 10-20 пайызга азайышы мүмкүн. Бирок өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимдүү мамилелерден улам Орусиядан туристтердин бир бөлүгү келет», — деди Жаманкулов.

Департаменттин маалыматы боюнча, Кыргызстанга келген чет өлкөлүк туристтердин басымдуу бөлүгү — бул Казакстандын жарандары. Алардын саны жыл сайын өлкөгө келген жалпы туристтердин дээрлик 80 пайызын түзөт. Ошол эле маалда орусиялыктар чет өлкөлүк туристтердин дээрлик 14 пайызын түзүшөт.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер калыбына келгенге чейин кыргыз бийлиги Орусиядан келген туристтердин агымы 2016-жылы 30 пайызга өсөт деген үмүттө болгон. 

Globus Tour туристтик агенттигинин өкүлү Назгүл Селбекова Орусиянын жарандары Кыргызстанга караганда Түркияда эс алууну артык көрүшөт деген ишенимде.

«Түркияда эс алуу пайдалуураак болот, анткени анда баалар арзан, ошондой эле чартердик каттамдар да бар», — деп билдирди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Karavan туристтик компаниясынын директору Евгения Викторованын пикиринде, туристтердин агымынын азайышына тыюунун алынышы эмес, а Кыргызстандын жайгашкан орду менен андагы тейлөө сапаттарынын деңгээли таасир этет.

«Орусиялыктар Жер ортолук жана Кара деңиздерде эс алышат. Алардын Кара деңиздин ордуна Ысык-Көлгө келиши күмөндүү, анткени бул жер, билеттери кымбат, тейлөө сапаты мыкты деңгээлде эмес», — деди ал.

Орусия президенти Владимир Путин Түркияга эс алуу үчүн барууга салынган тыюуну алуу чечимин 29-июнда, түрк лидери Реджеп Эрдоган менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алды. Президенттер ортосундагы сүйлөшүү түрк тарап 2015-жылдын ноябрында атылып түшүрүлгөн учак үчүн Орусиядан кечирим сурагандан кийин орун алды.

Орусиялык туристтердин эс алуусуна карата чектөө чаралары Орусиянын Су-24 аскердик учагы Сирия менен Түркиянын чек арасында атылып түшүрүгөн 2015-жылдын ноябрынан бери иштеп келген. Тараптар бири-бирин аба мейкиндиги жөнүндөгү эл аралык келишимдерди бузууга айыпташкан, андан соң орус бийлиги Түркияга каршы санкцияларды жарыялаган.