Орусиялык фотосүрөтчү Дмитрий Дубовцев Кыргызстанга болгон саякатында алган таасирлери менен өз блогунда бөлүшкөн. Макаланын түп нускасы автордун баракчасына жарыяланган.
Күн сайын түрдүү адамдар менен сүйлөшүп, алардын ар биринин биздин дүйнө таанымыбызга таасир эте турганын байкоого болот. Ар бир жаңы киши өзүнүн метафоралык көз айнегин бизге тагынып көрүү үчүн берип жаткан сыяктанат жана алардын ар биринин көз айнегиндеги линза өзгөчө болот.
Алар менен сүйлөшүү биздин маанайыбызды өзгөртөт, демек ар кандай окуяларга болгон реакцияларыбызга да таасир этет. Ошентип ар бир киши өзүнүн жеке атмосферасын, өз таасирин берет да жыйынтыгында алар биздин жеке атмосферабызды түзүшөт. Мен мунун баарын эмнеге айтып жатат? Эгер силер качандыр бир жолу саякатка чыккан болсоңор, анда башка өлкө же жөн гана силер мурда болуп көрө элек жаңы жер дагы силерге ушундай таасир калтыра турганын танбасаңар керек.
Бул жагынан алганда өзгөчө тоолор кызыктуу. Байыркы чыгыштын (тагыраагы Бхагавад Гитанын) ыйык трактаттары материалдык дүйнө биринчи беш элементтин аралашмасынан турат деп сүрөттөйт: от, суу, аба, жер жана эфир.
Эгер ландшафтка ушул көз айнек менен карай турган болсок, анда тоолор канчалык бийиктеген сайын ал биринчи элементтердин ошончолук аз аралашканы даана байкала баштайт. Эгер ал жер болсо, анда жар, суу болсо — таптаза булак көлү, аба жеңил жана кургак, эфир — бул анын фонунда ар бир шыбыш даана болгон тынчтык, а от — бул денеңдин корголбогон бардык бөлүгүн 15 мүнөттүн ичинде күйгүзүп жибере турган күн.
Тактап айтканда, теориялык жактан дүйнөдөгү эң бийик тоонун чокусунан ал биринчи элементтерди аралашмасыз, өз-өзүнчөсүн табууга мүмкүн. Тоого канчалык бийик жогорулаган сайын ал тазалыкка чыдоо ошончолук оорлойт.
Бийиктик адамды тазалайт жана чыңайт, а эми бийиктикте жалгыз өткөргөн бир жумадан кийин акыл-эсиңде түрдүү кереметтердин болуп жатканын сезесиң. Ар бир ой ачык жана деталдаштырылган боло баштайт, а шаарга түшкөндөн кийин адаттагы нерселерге аларды өмүрүңдө биринчи жолу көрүп жаткандай жана эмне болуп жатканын түшүнбөгөндөй таптакыр башкача көз карашта карай баштайсың.
Анан мындай деп ойлойсуң: «Эмнеге бул кыштактагы курулуштар мындай таң калычтуу формада? Таштардан курулган бул текчелерге караганда адамдар үчүн боз үй кыйла табигыйыраак турак жай сыяктанат. Ар кайсыл түстөгү бул кутучалар да кызык экен, алар атайын түздөлүп коюлган жер аркылуу жылып жүрүшөт, — андагы тешиктен кимдир бирөөнүн чыканагы көрүнүп жатат,— ого, анын ичинде адамдар бар турбайбы… алар кысылып жатышат го, байкуштар, анын ичине эмнеге кирип алышкан?»
Бирок көп өтпөй: «А, бул деген маршрутка да! Ага, мен өзүм деле мындан эки миң чакырым алыстыкта ушундай эле батирде жашайм го. А бул жерде мен эмне кылып жүрөм? А! Бир жума мурда саякатка чыгып кетпедим беле, эстедим…», деп тез эле бардыгын эстейсиң.
Тянь-Шань — бул бриллиант, тоону сүйгөндөр үчүн чыныгы кенч. Тянь-Шандын капчыгайларында саякаттоо — асман тиреген тоолор айтып берип жаткан жомок, тамил сыяктуу. Аягына чейин жетип, ашууну ашмайынча окуянын эмне менен аяктай тургандыгын билбейсиң.
Өзүнүн укмуштуудай кооздугунан сырткары Тянь-Шань көчмөн жоокеринин кубаттуу атмосферасына ээ. Кыргыз фольклору толугу менен кармаштар, чыккынчылыктар, жомоктогудай байлыктар, кедейлик, алдамчылык, башкаруучулардын ырайымсыздыгы, адам өлтүрүүлөр, сыйкырлар, аялдарды ала качуу жана аларды сатуу, ат жарыштары, тууган ичиндеги душмандашуу сыяктуу нерселерден турат.
Азыркы күндөрдө деле Кыргызстанда күйөөсү жаш кезинде ала качып кеткен аялдарды кездештирүүгө болот. Чынын айтсам, Кырызстан мага кыйла тынч жана өткөндөгү азаптардан чарчагандай көрүндү.
Бирок эгер силер өзүңөргө ишенбеген европалык болсоңор жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги кумга жатып денеңизди күнгө кактап алайын дей турган болсоңор, анда жигиттер силерди үйүңөргө түшүнүксүз абалда жана бетиңерди көгөртүп барууңарга аргасыз кылып коюшу мүмкүн.
Майдан октябрга чейин Тянь-Шандын капчыгайларынан үй-бүлөсүнүн бардык мүчөсү менен боз үйдө жашаган көптөгөн чабандарды кездештирүүгө болот. Алар бир түнгө 10-20 сом өлчөмүндөгү анча көп эмес сыйакы алышып, туристтерге кубануу менен жатак жай беришет.
Боз үйдө түнөө — өзгөчө ырахат. Боз үй лагеринин турмушу адаттагы шаар жашоосунан ушунчалык айырмаланат дейсиңер, өзүңдү айда жашап жаткандай сезип кетесиң. А чабандардын өзүлөрү өтө жөнөкөй, кайрымдуу жана жардамдарын аяшпайт. Соң-Көлдөгү лагердин ээсинен бир стакан сүт сурасаң ал талаага барып уйду кармап, кружканын өзүнө саап алып келип берет. Мына, тейлөө деген ушундай!
Мен ар бир көлдүн, ар бир тоонун жандуу жана бизге окшош экенине, ошондой эле алардын биз сыяктуу эле индивидуалдуулукка, мүнөзгө ээ болоруна жана ошондуктан алардын адамдарды өзгөртүүгө жөндөмдүү экенине ишенем. Биз тигил же бул жерлерге жөн эле барып койбойбуз, а ошол эле маалда биз алар менен сүйлөшөбүз же жок дегенде аларды сезебиз.
Ысык-Көл бул 1600 метр бийиктикте жайгашкан бир аз туздуу чоң көл. Жайында андагы суу 20 градуска чейин жылыйт, а кышында тоңбойт. Көл бардык тарабынан ачык кызгылт түстөгү кумдуу жээктер менен курчалган. Жээктеринде меймандарды тосуп алуучу үйлөр жана боз үйлөрдөн турган жайлуу шаарчалар кездешет. Ысык-Көлдүн пейзаждарынын ээндиги болуп көрбөгөндөй укмуш сезимдерди жаратат.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Сказка» капчыгайы келгендерди чоподон турган укмуштуудай аскаларынын формасы менен өзүнө тартып турат. Жаратылыштын керемети.
Ала-Көл — ачык бирюза түстүү укмуштуудай көл. Биздин анын эң мыкты түсүнө суктанышыбыз үчүн жаратуучу анын суусуна атайын боёк аралаштырып койгон. Чынында ал боёк тазалык. Ала-Көлдүн суусунда адатта сууларга каралжын түс берип турчу нерселердин тунмалары дээрлик жокко эсе. Мында башка дагы бир жерден асыл таштар сыяктуу ушундай жаркылдаган көрүнүштү кезиктирүүгө болбосо керек.
Соң-Көл — 3000 метрден ашыгыраак бийиктикте жайгашкан, 30 чакырымга созулган тузсуз суулуу чоң тоо көлү. Ал саргайган чөптүү шалбаа менен жана Тянь-Шань тоо кыркалары менен курчалып, укмуштуудай көрүнүшкө ээ. Соң-Көл — мистик.
Анда мейманда болгонуңда башка мейкиндикке түшүп калгандай сезимдер жаралат. Анткени сөл меймандарды таң калтырбаш үчүн дайыма болуп турчу элестетүүгө мүмкүн болбогон кереметтерин бир канча убакытка токтотуп койгондой сыяктанат.
Сентябрда чабандардын көбү кыштоо үчүн өз кыштактарына кайтып келишет, бирок шалбаанын кайсыл бир бөлүгүндө көлдүн мистикаларынын дайымкы күбөсү болгон койлор, жылкылар жана уйлар жайылып жүрүшөт. Алар го көнүп калышкан, а мен сыяктуу түндүктөн барган жана андай нерселерге даяр эмес адамдар ал көрүнүштөрдү көтөрө албашы мүмкүн.
Мындай тоолуу аймактардан кийин шаарлар (анын ичинде Бишкек дагы) өзүнүн чак-челекейи жана чыңалуусу менен чыныгы сыноого айланат. Бишкек — бул маршруттук таксилердин борбору. Мында миллион маршруттук такси бар болуп, каттамдарынын саны да алардан кем калбаса керек жана айдоочулардан башка эч ким автобустун каякка бара тургандыгын билбейт өңдүү.
Мен көчөдөн өтүп бара жаткандардан батыш автобекетине же почтампка жетүү үчүн кайсыл маршруттук таксиге отуруу керектигин сурап билүүгө аракет кылдым, бирок үч жолкусунда тең алар каттамдын номурунан жаңылышып калышты. Адамдар көп болгон сааттарда маршруттук таксинин ичиндеги жүргүнчүлөрдүн саны нормадан токсон кишиге ашып кетет.
Автоөндүрүүчүлөр салонун отургучтарысыз жана айнектерин адамдардын киндигинин деңгээлинде эмес, а көздөрүнүн деңгээлинде кылып Орто Азия үчүн автобустун атайын үлгүсүн чыгарып көрүүнүн үстүнөн ойлонуп көрүшсө болот. Жүргүнчүлөргө анчалык көңүлдүү болбогону менен кыйла ыңгайлуу болот.
Бишкекти сүрөткө тартууга колум барган жок. Бишкектиктер мага таарынышпасын, мен Монте-Карло менен Барселонаны да сүрөткө таркан эмесмин, шаарларды анча жактыра бербейм.
Айылдарда үйлөрдү кык аралаштырып курушат. Аны күнгө кургатып, анан атайын аралашмага кошуп кыш жасашат. Андан соң алар менен үйлөрдүн дубалдарын тургузушат. Андай үйлөрдүн акталган дубалы анын материалынын эмнеден экенин сонун жашырып турат. Алардын ички жасалгасы кадимкидей эле, совет маалындагыдай — меш, кире бериш бөлмө жана жуугуч.
Айылдардагы, өзгөчө тоолордогу адамдардын ачыктыгы менен меймандостугуна дайыма таң кала берем. Алардын фонунда мен өзүмдү ырайымсыз, мерез жана адамдар менен жеңил сүйлөшө албаган митаам катары сездим. Эмнеге шаардыктар айылдыктарга анча окшош эмес? Андай болсо сонун болот эле да. Эмнеге чарчы метрине карата адамдардын саны азайган сайын алардын өз ара мамилеси, түшүнүүсү ошончолук сапаттуураак болот, себеби эмнеде?
Бир күнү кечинде биз чай ичип көпкө отуруп калдык, сыртка чыксак эле ушундай көрүнүш… Тоолордо көп эле болгонум менен мындай асманды бир дагы жолу көргөн эмесмин. Аталышы ушундан калган калган өңдүү.
«Асман тиреген тоолор» — эч кандай жабдуусуз эле көптөгөн жылдыздар менен Саманчынын жолу даана көрүнүп турат. Тянь-Шандын метафоралык көз айнегинин линзалары ушундай жакшы болуп чыкты. Башымды чалкалатып бир аз суктанып алган соң кичинекей камерамды алып сүрөткө тарта баштадым.
Кыргызстан тоо саякаты үчүн эң мыкты жерлердин бири экендиги талашсыз. Тоо ландшафттарынын ачыктыгы жана байыркы көчмөндөр маданияты таң калычтуу түрдө хрущёвкалар курулган советтик шаарлар менен келишип жашап келет.
Бул өлкө убактылуу ааламдын чегинде тургандай, мында сени ак кар баскан тоолордун аркы тарабындагы алыс эмес жерде түбөлүктүүлүк күтүп тургандай сезилет. Мында убактылуу болсо да жашоонун таза жана жөнөкөй, жолуңан чыккандын бардыгы сага дос болгон таптакыр башкача даамын сезе аласың.
Каалаган боз үйдүн эшигин какпа, сага бардыгы тең кубанычта болушат. Бейиш сыяктуу. Мен сени сагынам, Тянь-Шань.