13-июлда Кыргызстанга алгачкы расмий иш сапары менен Германиянын канцлери Ангела Меркель келет. Аны президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө ушул жылдын мартында, Стамбулдагы гуманитардык саммитке барганда чакырган.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы Меркель Кыргызстанга кыргыз-герман мамилелерин талкуулоо үчүн өлкө башчысы Атамбаевдин чакыруусу менен келе турганын билдирди.

Ошондой эле канцлер Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков башында турган парламенттик делегация менен жана жарандык коомчулук өкүлдөрү менен жолугат.

«Иш сапардын алкагында федералдык канцлер Ангела Меркель менен Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалына жана алдыдагы перспективаларына байланышкан маселелерди талкуулашат. Ошондой эле лидерлер эл аралык жана аймактык күн тартиптеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышат», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Меркель менен Атамбаев биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Меркель быйыл Бишкекке келген жогорку кызматтагы экинчи немис саясатчысы болот. 2016-жылдын мартында Кыргызстанга Германиянын тышкы иштер министри жана Европа коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер келип кеткен.

Ал Атамбаев менен жолугуп, кызматташуу, ошондой эле Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулаган.

Анда Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адис Себастьян Шик немис дипломатынын иш сапарын аймактагы өлкөлөр менен мамилелерди калыбына келтирүү калоосу катары бааласа болорун божомолдогон.

«Германиянын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан менен болгон масилелери жөнүндө андай деп айтууга болбойт. Ал өлкөлөр канчалык ар түрдүү болбосун алар өтө туруктуу эмес, а алар менен болгон мамилелер — кемчиликсиз эмес», — деген ал Deutsche Welle немис басылмасына курган маегинде.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы катары Германияга алгачкы жолу 2012-жылдын 11-декабрында барган. Анда ал Германиянын президенти Йоахим Гаук менен соода-экономикалык кызматташтык жана Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсү маселелерин талкуулаган.

«Мен үчүн европалык өлкөгө болгон алгачкы сапарымдын Германияга болушу маанилүү болгон, анткени Кыргызстан менен Германия парламенттик республикалар болуп эсептелишет жана жалпы баалуулуктарга ортоктош», — деген ал.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 3-февралынан бери уланып келет. Германиянын Кыргызстандагы элчилиги 2012-жылдын сентябрында, а Германиядагы кыргыз элчилиги 1995-жылдын январында ачылган.