Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлгө бара жаткан орусиялык туристтердин 1000 долларга жакын акчасын алып койгон эки киши кармалганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде колго түшүрүү маалында кармалган адамдардын жанынан туристтерди акчасы табылбаганын билдирди.

Анын айтымында, шектүүлөр мурда Аламүдүн жана Свердлов райондорунун милиция бөлүмдөрүндө иштешкен, бирок милициянын «кадырын кетирген аракеттери» үчүн жумуштан айдалышкан.

«Аларды түзүлгөн фотороботтор боюнча таптык, жабырлануучулар аларды таанышты. Учурда Чүй облусунун 1974-жылы туулган жана Бишкектин 1969-жылы туулган жашоочулары кармалышты, алардын жанынан жабырлануучулардан алган акчалары табылган жок», — деди ал.

Осмонбаев бул туристтерди токтотуп, өзүлөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырып, күбөлүктөрүн көрсөтүү менен аларды тоногон алгачкы учур эмес экенин кошумчалады. Айтымында, буга чейин милицияга ушундай даттануулар менен башка туристтер да кайрылышкан.

Орусиядан келген аялы менен күйөсү — Дмитрий жана Ирина Реброваларды 4-июлда, Токмок шаарына жакын жердеги жолдон милиция формасын кийген эки киши токтотуп, аларды тоноп кетишкен. Өздөрүн милиционербиз деп тааныштырган адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин алар капчыктагы 1000 долларга жакын акчасынын жоголгонун байкашкан.

«Мен үй-бүлөм менен эс алууга бара жаткам, ошондуктан көйгөйлөр болбосун деп токтогом. Анан да алар өзүн тааныштырып, кандайдыр бир күбөлүктөрүн көрсөтүшкөн жана ала таяктары да бар болгон», — деп билдирген Дмитрий Ребров Zanoza маалымат агенттигине.

Анын айтымында, алар жакын жайгашкан Кемин РИИБсине кайрылышканда, андагы кызматкерлер «арыз жазбастан» эле «андан ары эс алууга кете берүүнү» сунушташкан.

Анда ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgнин кабарчысына туристтерди токтоткон адамдар укук коргоо органынын кызматкерлери эмес экенин, а алардын унаасындагы номур бир жыл мурда уурдалганын айткан.

«[Автоунаанын] номурунун болжол менен бир жыл мурда белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын аныкталды. Азыр ал номур уурдалган номурлардын базасында»,— деген ал.

Окуя ЖМКлар менен социалдык түйүндөрдө кеңири жайылып кеткен — кыргызстандыктар туристтерге акча топтоп берүү боюнча акция башташкан, а премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окуяны териштирип, жарандар менен өлкөнүн меймандарынын коопсуздуктарын камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырган.

Авторлор: Александра Титова, Эльдос Казыбеков