«Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган Жыргалбек Саматов кош жарандыгы бар үчүн аны депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен соттошот. Экс-депутаттын орусиялык жарандыгынын бар экенин Орусиянын Миграция кызматы ырастаган.

Жыргалбек Саматов депутаттык мандатынан 8-июлда, Орусиянын Федералдык миграция кызматы анын 16 жылдан бери Орусиянын жараны болуп эсептеле тургандыгы жөнүндө Кыргызстандын Башкы прокуратурасына билдирүү жөнөткөндөн кийин ажыратылган.

Саматовдун өзү бир гана Кыргызстандын жарандыгына ээ экенин билдирүүдө. Ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде аны сотто далилдей турганын айтты.

«Мен Орусия Федерациясынын сотуна кайрылдым жана жакынкы убактарда Кыргызстандын жараны болуп эсептелеримди далилдейм», — деди ал.

Буга чейин Саматов Боршайком менен анын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган 2015-жылдын декабрында да соттошкон. Анда БШК чечим чыгарууда башка өлкөлөрдүн жарандары саясий жана мамлекеттик кызматтарды ээлей албай тургандыгы жазылган Конституциянын 52-беренесине шилтеме жасаган.

Саматов Орусиянын Федералдык миграция кызматынан анын орусиялык жарандыгынын жок экендиги жөнүндөгү маалымкат алып, аны сотко көрсөткөн. Жыйынтыгында Жогорку сот Саматовдун пайдасына чечим чыгарган. Депутатка мандатын кайтарып беришкен, а аны өз тизмесинен чыгарып салган «Республика — Ата-Журт» фракциясы кайрадан өз катарына кошкон.

Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Жыргал Исмаиловдун маалыматы боюнча, Саматовдун экинчи жарандыгы жок экендиги жөнүндөгү Миграциялык кызматтан алып келген маалымкаты жараксыз болгон.

Ошондой эле ал Боршайкомго миграция органдарында депутаттын Орусия жарандыгынан баш тарткандыгы жөнүндөгү арызы катталбаганын билдирди.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Башкы прокуратуранын маалыматтарынын негизинде депуттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотула турганын билдирген.

«Саматов БШКга анын Орусия Федерациясынын жараны болуп эсептелбей тургандыгы жөнүндөгү Ромадановскийдин катын көрсөткөндүгүнө байланыштуу депутат катары катталган […] Мыйзам менен (кош жарандуулугу бар адамдарга) мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынгандыктан БШКнын аны депутат катары каттоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгаруу сунушталууда», – деген ал.