Сот отурумунун экинчи күнүндө 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу маалында башаламандыктарды уюштурган деп соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөтүү чечими кабыл алынды. Отурумдун өзү жабырлануучулардын Аскаровдун жактоочуларынын дарегине айтылган коркутуп-үркүтүүлөрү менен коштолду.

Соттун чечимине ылайык, Аскаровдун иши Чүй облустук сотуна жөнөтүлөт жана андагы процесс аяктаганга чейин укук коргоочу камакта болот.

Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Жогорку сот менен Башкы прокуратура БУУнун комитетинин чечимин эмес, а Аскаровдун күнөөлүү-күнөөлүү эмес экендигин кароо менен «өтө компетентсиздигин» көрсөттү деп эсептейт.

«Чечимдин өзү менен сот процессин уюштуруунун тартиптери бийликтин жарандык жана саясий укуктары жөнүндөгү Эл аралык пакт боюнча өз милдеттеринин маанисин таптакыр түшүнбөстүгү тууралуу айтып турат. Бул процессти биз жаңжалдардын кагылышына айлантпашыбыз керек болчу», — деди ал.

Өкүмдү окуп жатып судья Какчекей Эсенканов сот Аскаровдун жактоочуларынын арызын жарым жартылай канааттандырууну чечкенин айтты. Кыргызстандын Конституциясынын 41-беренесине ылайык, эгер адам укуктарынын бузулгандыгы фактылары адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдар тарабынан таанылган болсо, анда мамлекет ал бузулган укуктарды калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүшү керек.

«Эгер адам укуктары жарым жартылай калыбына келтириле турган болсо, анда конституция жарым жартылай аткарылат», — деди эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун консультанты Татьяна Чернобиль.

Өз кезегинде жабырлануучу тарап соттун чечимине нааразы экендиктерин билдиришти. Процесс аяктагандан кийин өлтүрүлгөн милиционердин жубайы менен башка жабырлануучулардын туугандары коргоо тарапка чабуул жасоого аракет кылышып, сот өкүмүн күчүндө калтырууну талап кылышты.

«Президент кыргыз элин жана погон менен жүргөндөрдү тепселеди. Эл каякты карап жатат? Президент каякты карап жатат? Депутаттар каякты карап жатышат? Токтакунов Абдирасулова жана Исмаилова менен биргеликте Америкага сатылып кетишти. Алардын баарын отургузуу керек», — деди соттон кийин каза болгон милиционердин карындашы Гүлнара Жусупова.

Аскаровдун коомдук жактоочусу Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге сот Аскаровду «тез аранын ичинде бошотушу керек болгонун» билдирди.

«Биз Кыргызстандын өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарбагандыгына, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечимин эске албагандыгына абдан капабыз», — деди Исмаилова.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча сот отуруму 11чи жана 12-июль күндөрү өттү. Ага ушул жылдын апрелинде БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин тергөө маалында Аскаровго карата кыйноо ыкмаларынын колдонулгандыгын билдирип, аны тез аранын ичинде бошотууну талап кылышы себеп болгон.

Азимжан Аскаров — этникалык өзбек — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан укук коргоочу. Ал укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорго арналган макалаларынын аркасы менен белгилүүлүккө жеткен. Аскаров 15 жыл бою «Воздух» деген укук коргоо уюмун жетектеп, милиция тарабынан жасалган мыйзам бузуулар жөнүндө жазып келген.

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар маалында кармалган. Укук коргоо органдары аны Бишкек-Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын бири деп билдиришкен. Ал окуянын жүрүшүндө милиционерлер сабалып, кызматкерлердин бири өрттөлгөн болчу.

Базар-Коргон райондук соту Аскаровду «массалык башаламандыктарды уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. Сот 2010-жылдын аягында ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок Аскаровдун өзү тагылган айыптарды мойнуна алган эмес. Анда аны менен бирге дагы сегиз киши соттолгон.

Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов бир канча жолу укук коргоочунун акталышын талап кылган, бирок Жогорку сот 2014-жылы ишти кайрадан кароодон баш тарткан. Аскаровду укук коргоочулар менен эл аралык уюмдар коргоп башташкан.

Тексттик трансляция:

Авторлор: Анна Лелик, Айзирек Алмазбекова, Александра Ли, Айжамал Идирис
Видео: Азат Рузиев