Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду өлкөнүн вице-премьери Игорь Шувалов иттерди эл аралык көргөзмөлөргө кымбат баалуу Bombardier Global Express учагынын бизнес-классында ташып бара тургандыгын аныктап чыкты. Фонддун эсептөөсү боюнча, жалпысынан андай авиаучуулар үчүн Шувалов 40 млн рубль короткон.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкерлери Орусиянын вице-премьери Игорь Шуваловдун 2016-жылдын башынан берки учууларынын саны менен багыттарын анализдеп чыгышкан. Алар жети айдын ичинде Шувалов Bombardier Global Express жеке учагы менен 13 жумушчу учуу жасап, «Австриядагы дачасына» 18 жолу жана «Лондондогу батирине» 7 жолу учканын аныктап чыгышкан.

Чиновниктин калган учуулары үчүн фонд түшүндүрмөлөрдү таба алган эмес.

«Биз каттамдардын тизмесин чогултуу менен таң калычтуу мыйзам ченемдүүлүктү байкадык. Дээрлик ал күндөрдүн бардыгында тең ал шаарларда иттердин көргөзмөлөрү өткөн, анан бизге дароо эле жеке учак менен кимдин пайдалана тургандыгы белгилүү болду», — деп билдирди Навальный.

Анын айтымында, Игорь Шуваловдун жубайы Ольга «бүткүл дүйнөгө таанымал корги тукумундагы иттердин ээси» болуп эсептелет. Шувалованын өзү ал кызыгуусун жашырбайт жана иттер темасына арналган форумдарда отурат.

«Биз иттер боюнча сегиз дал келүүнү таба алдык. Дал келүү дегенде мен бизде учуунун каттамы менен ошол күндөгү шуваловдук коргинин ошол жерлерде болгондугунун сүрөттөрү (Instagramда) бар экенин айткым келүүдө. Алар андан да көп болсо керек, бирок биз алардын сегизине 100 ишенимдебиз», — деп жазды Навальный.

Иликтөөнүн жыйынтыгында фонддун кызматкерлери коргилер ташылган учактын расмий түрдө вице-премьерге таандык эмес экенин жана анын декларацияларында көрсөтүлбөгөндүгүн аныктап чыгышкан. Иликтөөчүлөр Шувалов ал учакты ижарага алган болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун эсептөөлөрү боюнча, андай учак менен Европага барып келүүнүн баасынын 80 миң АКШ долларын (беш миллион рублден көп) түзө тургандыгын эске алганда, чиновник Bombardier Global Express учагындагы учуулары үчүн 170 млн рубль короткон, алардын 40 миллиону иттерди ташуу үчүн кеткен.

«Жогорку кызматтагы чиновниктердин ичинен дал Шуваловдун өзү орусиялыктарды өзүн өзү чектөөгө көп чакырып келет го. «Азыраак жеп, азыраак электр энергиясын колдонуу» деген сөздөр эсиңердеби? Ооба, келгиле азыраак жейли, анткени сенин итиңе бизнес-класс жетишсиз», — деп жазды Навальный.

Шуваловдун жубайы Ольга Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна чынында эле иттерин эл аралык көргөзмөлөргө алып бара турганын ырастаган.

«Иттерди көргөзмөлөргө ар кандай жолдор менен алып барам: унаа менен да, учактар менен да, кемелер менен да […] Силер менден иттеримди деклорацияланган жеке учагыбыз менен алып барабыз деген жоопту уккуңар келип жатабы, болгондо да Орусиянын намысын коргоо үчүн эл аралык деңгээлдеги көргөзмөлөргө. Ал эми учактын меники же меники эместиги башка кеп. Силер балдар, иликтегиле, иликтегиле, башка бирөөлөрдүн иштерине кийлигише бергиле», — деген ал.

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Орусиянын жогорку кызматтагы чиновниктерине карата жүргүзгөн иликтөөлөрү менен белгилүү. Фонддун кызматкерлери ишендиришкендей, алар мамлекеттик кызматкерлердин декларацияланбаган мүлктөрүн — виллаларын, чоң үйлөрүн жана компанияларын көрсөтүшөт.

Фонддун эң чуулуу иликтөөсү башкы прокурор Юрий Чайканын үй-бүлөсүнө арналган. Иликтөөнүн авторлорунун пикирлеринде, анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыштуу ишмердүүлүктөр менен алектенишкен — рейдерлик тартып алууларга барышып, криминал төбөлдөрү менен байланыштарга ээ болушкан.

Коррупцияга каршы күрөшүү фонду вице-премьер Игорь Шуваловдун болжолдуу түрдө Лондондогу 20 млн долларлык батирин, Австриядагы 15 млн долларлык хан сарайын, туулуп өскөн Заречьедеги 50 млн долларлык үй-жайын жана декларацияланбаган 10 млн долларлык бир канча батирин, ошондой эле бир нече кымбат баалуу автоунааларын таап чыккан.