14-июлда Франциянын түштүгүндөгү Ницца шаарында Бастилиянын алынган күнүн белгилеп жатышкан адамдардын тобун жүк унаасы аралап кетти. Кол салуунун жыйынтыгында кеминде 80 киши каза болду. ЖМКлар жүздөгөн адамдардын жаракат алгандыктарын билдирип жатышат.

Окуя 14-июль күнү кечинде Франциянын Ницца шаарында Бастилиянын алынган күнүнүн урматына атылчу салютту көрүү үчүн чогулган адамдар тобу жайгашкан жерде болду. Катуу ылдамдыкта келген жүк унаасы адамдардын тобун аралап кеткен.

Би-би-синин маалыматы боюнча, жүк ташуу унаасы адамдар жыш жайгашкан топту аралап эки чакырым жүргөн. Франциянын Ички иштер министрлиги кол салуудан кеминде 80 киши каза болгонун билдирди. Эл аралык Reuters агенттиги жүздөгөн кишилер жаракат алганын билдирүүдө.

Күбөлөрдүн бири окуя болгон жерде ок атуулардын үнү угулганын айткан, бирок ал маалымат Франциянын бийлиги тарабынан ырасталган жок.

«Баары тең: “Качкыла, качкыла, бул кол салуу”, деп кыйкырып жатышты. Биз ок атууларды уктук. Аларды салюттар деп ойлогонбуз, анткени бүгүн 14-июль эмеспи», — деп жазды Би-би-си анын айткандарын.

Дагы бир күбө өзүнүн твиттер-аккаунтуна адамдардын тобу көчөдөн качып бара жаткандыктары тартылган видеону жайгаштырган.

Француз полициясынын маалыматы боюнча, жүк ташуу унаасынын айдоочусу ошол эле жерде атылып өлтүрүлгөн, а анын ичинен гранаталар менен курал-жарактар табылган.

Ниццанын мэри Кристиан Эстрози окуяны шаардын тарыхындагы «эң жаман трагедия» деп атады. Франция президенти Франсуа Олланд кол салуунун терроризмге байланыштуу экенин билдирди.

«Бүткүл Франция боюнча ислам терроризми коркунучу турат. Мындай шарттарда биз абдан сактыгыбыз менен бошоң эмес экенибизди көрсөтүшүбүз керек», – деди ал өзүнүн телекайрылуусунда.

Ницца футбол боюнча 2016-жылкы Европа биринчилигин кабыл алган сегиз шаардын бири болгон. Бийликтин кооптонууларына карабастан, чемпионат маалында француз шаарларында кол салууларды болтурбоого мүмкүн болду. 2015-жылдын ноябрында Франциянын борборунда футболдук беттеш болгон күнү теракттардын сериясы уюштурулган болчу.

Анда Франция жана Германия улуттук курамаларынын беттеши өтүп жаткан «Стад де Франс» стадионунун алдында үч жардыруу болгон. Ошол эле күнү Париждин 10 жана 11-округдарында көчөдө өтүп бара жаткандар менен ресторандардын биринин кардарларына ок чыгарылган.

Андан сырткары кол салгандардын тобу америкалык Eagles of Death Metal рок-тобунун концерти болуп жаткан «Батаклан» концерттик залындагыларды барымтага алышкан.

Тема боюнча: Бектур Искендер: Париж теракттардан кийин

Ал курман болгондордун саны боюнча Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Франциядагы эң ири кол салуу болуп, 129 кишинин өмүрүн алып кеткен. Тракттарга жоопкерчиликти эл аралык «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу өзүнө алган.

Сүрөт: Reuters