Бишкектеги мечиттердин кечки 11ден таңкы 6га чейин үн күчөткүчтөр менен азан айтуусуна тыюу салынды. Жашоочулардын даттанууларынан кийин Санэпидкөзөмөл департаменти жазма буйрук чыгарды.

Түнкүсүн Бишкектин мечиттеринде үн күчөткүчтөрдү пайдалануу менен азан айтууга тыюу 19-июлда, Санэпидкөзөмөл департаментинин жазма буйругу менен күчүнө кирди. Тыюуга жашоочулардын даттануулары себеп болгон — бишкектиктер азан айтуу уктоого жана балдарды уктатууга тоскоолдук кылып жатканын айтышкан.

Санэпидкөзөмөл департаментинин өкүлү Данияр Сатаров Kloop.kgге алар Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүктөрүн билдирди. Анын айтымында, тыюу кечки саат 11ден таңкы саат 6га чейинки мезгилге тиешелүү.

«Муфтийдин орун басары менен болгон жолугушуу маалында биз алардын түнкүсүн азандын үнүн азайтышы керектиги жөнүндөгү санитардык жазма буйрукту бердик. Анткени саат 11ге жакын үн күчөткүч менен азан айтылат, а ошол маалда жашоочулар балдарын уктатып жаткан болушат. Ошондуктан жашоочулар бизге даттанып кайрылышкан», — деди ал.

Диний ишмер Эрик Молдокулов азандын катуу айтылышында «жаман эч нерсе болбогондуктан», мындай тыюу салуунун зарылчылыгы жок болчу деп эсептейт.

«Бул туура эмес, анткени жашоочулар азандын катуу айтылгандыгын, ал алардын тынчтыгын бузуп жатканын айтып бизге бир дагы жолу даттанышкан эмес. Тескерисинче, азан — бул тынчтык менен ынтымактын, намазга чакыруунун белгиси», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов кайрылуулар көбүнчө «атеисттерден» келип түшө турганын айтты.

«Жашоочулардан көп даттануулар болгон, бирок алардын баары тең негизинен атеисттер. Анткени мындайга мусулмандар даттанышпайт. Жашоочулар көбүнчө азан алардын уйкусун буза турганын айтып даттанышат. Биз алардын даттануулары менен кайрылууларына каршы эмеспиз», — деди ал.

Диний активист Азат Аманов мамлекет токтомдор менен мыйзамдарды кабыл алууда коомчулуктун пикирин эске алышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, кыргызстандыктардын жашоочуларынын көбү — мусулмандар.

«Менин оюмча, (бийлик) көпчүлүктү түзгөн мусулман коомчулугунун пикири менен эсептешүүсү керек. Мен чоң-чоң тойлордун ызы-чуусун, шаардагы бардык кафелердеги музыканын катуу үндөрүн угуп жүрөм жана алардын баарын тең эле нормалдуу кабыл алынууда. Эмнеге мамлекет ошолорго каршы катаал чараларды көрбөйт? Эгер клубдар менен дискотекаларды мечиттеги азан менен салыштырса, анда албетте азан жогорураак турат», — деди ал.

Авторлор: Айдана Канатбек, Алмаз Эшбаев