Укук коргоо органдарынын системасы «коомчулук менен улуттук коопсуздуктун талаптарына туура келбегендиктен» улам өзгөрөт» — президент Алмазбек Атамбаев күч мекемелериндеги реформалардын сериясын жактырды.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын системасын рефомалоо жөнүндөгү Атамбаевдин жарлыгы 18-июлда, жабык эшик артында күч мекемелеринин абалдары талкууланган Коргоо кеңешинин жыйынынан кийин чыкты.

Жарлыкка ылайык,  укук коргоо органдарындагы реформаларга алардын «коррупцияга баткандыгы» жана «жүктөлгөн милдеттерин натыйжалуу аткара албагандыгы» себеп болгон.

«Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин укукка каршы жүрүш-турушу, ошондой эле чарбакер субъекттердин ишине алардын негизсиз кийлигишүүсү коомчулукта өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, бул болсо “көмүскө” экономиканын өсүшүнө, өлкөдө криминогендик кырдаалдын начарлашына жана жарандардын укуктарын көптөгөн бузууларга алып келет», — деп жазылган жарлыктын текстинде.

Укук коргоо системасында эмнелер өзгөрөт?

Прокуратура эми тергөө менен алектенбейт. Ал кызмат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка берилет. Ошол эле маалда прокуратурада коррупциялык кылмыштар боюнча кылмыш иштерин козгоо укугу калат, бирок ал иштерди тергөө кызматтарын башка органдарга берүү менен.

Прокуратура укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине карата даттануулардын статистикасын жүргүзөт. Реформаларга ылайык,  укук коргоо системасынын ичиндеги мыйзам бузууларды иликтөө үчүн күч органдарындагы ички коопсуздук кызматтары Башкы прокуратура менен тыгыз кызматташууга милдеттүү болушат.

ИИМде беш жаңы кызмат түзүлөт:

– Коомдук коопсуздук кызматы;
– Криминалдык милиция;
– Экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү кызматы;
– Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы;
– Тергөө кызматы;
– Ички иликтөөлөр кызматы;

ИИМ коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана кароо менен алектенбейт. Бул функция ИИМден Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилет.

ИИМ кылмыштар боюнча статистика жүргүзбөйт. Бул функция прокуратура органдарына өтөт.

Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жоюлат.  Мекемелердеги бирин-бири кайталаган функцияларды жоюу үчүн баңгизаттарга каршы күрөшүү иштери ИИМдин алдында түзүлчү жаңы кызматка өтөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат бизнести текшере турган жалгыз орган болуп калат. Ошол эле маалда текшерүүлөрдү башка органдардын — мисалы, экотехинспекциянын же салык жана бажы кызматтарынын материалдары боюнча гана өткөрө алышат. Реформаларга ылайык, бул бизнести коргоо деңгээлин жогорулатат.

УКМК экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү менен алектенбейт. Аны менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат алектенет. Коргоо кеңешинин пикиринде, бул атайын кызматтардын бизнестин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүсүн азайтууга мүмкүндүк берет.

УКМК бийликтин жогорку баскычтарындагы коррупцияларды тергөө менен алектенет. Ошол эле маалда атайын кызматтагылар чиновниктерге каршы кылмыш иштерин козгоо укугуна ээ болушпайт — бул функция прокуратурада болот.

Укук коргоо системасынын ичиндеги кызматкерлерге карата тергөөлөөргө жооптуу болгон Ички коопсуздук кызматтары күчөтүлөт. Күчөтүү дегенде Ички коопсуздук кызматтарынын кызматкерлеринин айлыктары жогорулатылат, алардын кирешелеринин декларацияланышы көзөмөлдөнөт жана ал кызматка талапкерлер өзгөчө тестирлөөдөн өткөрүлүшөт. Ошол эле маалда укук коргоо органдарындагы наам жагынан же кызмат жагынан жогорулатуу ички коопсуздук кызматтары менен макулдашылат.  

Эгер укук коргоо органдарынын кызматкерлери кесиптештеринин мыйзамга каршы жүрүш-туруштары жөнүндө билдиришпесе, анда жумуштан бошотулушат. Өз кесиптештери тараптан жасалган укук бузуулар жөнүндө билдирип туруу милдети ант берүүнүн текстине киргизилет.

Соавтор: Алия Молдалиева
Сүрөт: «Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн» расмий баракчасы