Аламүдүн райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун оппозициялык «Маалымат» сайтына бөгөт койду. Сайттын ээси ар-намысын коргоо иши боюнча президент менен соттошууда.

Кыргыз тилдүү «Маалымат» сайтын камакка алуу жөнүндөгү Аламүдүн райондук сотунун токтому 18-июлда күчүнө кирди.

Соттун чечимине ылайык, сайттын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбеков соттон утулгандан кийин президент Алмазбек Атамбаевге компенсация төлөп берген эмес жана андан кечирим сурай элек. Орунбеков кандайдыр бир кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө ээлик кылбагандыктан, сот журналисттке таандык «Маалымат» сайтын камакка алган.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Замир Жоошев сайттар кыймылдуу мүлк болуп эсептелгендиктен, соттун чечими менен алардын камакка алынуусу мүмкүн деп эсептейт.

«Доменди камакка алууга болот, анткени ал кыймылдуу мүлк болуп эсептелет. Домен кимдир бирөөнүн атына катталып жаткандыктан, ал кимдир бирөөнүн менчиги болуп эсептелет, ага байланыштуу камакка алууга болот», — деди ал.

Орунбековдун тарапташы, оппозициялык саясатчы Адил Турдукулов соттун чечими Орунбековдон компенсацияны өндүрүп берүүгө эмес, а сайтты жабууга багытталган деп эсептейт. Ал бийлик мындай жол менен «оппозициялык ЖМКларды кысууга» аракет кылып жатат деген пикирде.

«Бул көз карандысыз ЖМКларды, эркин саясатчыларды кысуу боюнча көптөн бери уланып келе жаткан системалуу иш, бул анын баскычтарынын бири. Бул башка бардык көз карандысыз, эркин сайттар үчүн эскертүү», — деди ал.

Орунбеков менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы келишпестиктер журналист макалаларынын биринде 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыштар үчүн жоопкерчиликти өлкө башчысы менен дагы бир катар саясатчыларга жүктөгөндөн кийин башталган.

Башкы прокуратура ал үчүн Орунбековду сотко берип, ал өлкө башчысынын «ар-намысы менен кадыр баркын кемсинткендиги» үчүн Атамбаевге эки миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Журналист соттун чечими менен макул болбой, президентке анча акча төлөп бере албастыгын айткан. Ал айыпты төлөп берүү үчүн ар бир кишиден бир сомдон акча чогулта баштаган.

Орунбеков 2015-жылдын декабрында Атамбаевдин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айткандары боюнча өлкө башчысын сотко берген. Ал жыйында президент журналистти «кимдир бирөөнөн алган акчасын акташ үчүн иштеп жатат» деп айыптаган.