Algoritmia компаниясы атайын үйрөтүлгөн алгоритмдердин жардамы менен ак-кара түстөгү сүрөттөрдү боёгон онлайн-сервисин коомчулукка көрсөтүп тааныштырды. Кыргызстандын XIX жана XX кылымдардагы эски сүрөттөрү түстүү болгондой кандай болмоктугун бул материалдан көрүңүздөр.

Algoritmia компаниясынын онлайн-сервиси берилген алгоритмдердин негизинде ак-кара түстөгү сүрөттөрдүн белгилүү бир бөлүктөрүнө ылайыкташтырып башка түстөрдү табат. Мисалы, сервис сүрөттө жаратылыш көрсөтүлгөн деп аныктап, андагы өсүмдүктөрдү жашыл түскө боёйт.

Онлайн-сервис кийимдердин түстөрүн анча жакшы аныктай албайт — көбүнчө учурларда Kloop.kgнин редакциясы адамдардын ак-кара түстөгү сүрөттөрүн жүктөгөндө алардын кийимдеринин түстөрү өзгөргөн жок.

Силер сүрөттөрдүн түп нускаларын автоматтык түрдө боёлгон сүрөттөр менен салыштыра аласыңар. Ал үчүн сүрөттөгү боз жүгүртмөнү чычкан (компьютерде) же манжаңыз (мобилдик түзмөктөрдө) менен жылдыруу керек.

Кээ бирде Algoritmia өз милдеттерин жаман эмес аткарат:

Башка учурларда абал таптакыр бөлөкчө — сервис жөн гана сүрөттү бир эле түскө боёп…

…же сүрөттөгү элементтерди туура эмес аныктап коюп, андан улам чөп түсүндөгү асманды же көк түстөгү жерди көрүүгө болот:

Түп нускасы абдан начар сапатта болгон учурларда да сервис өз милдеттерин (суудагы табышмактуу кызыл чагылышууну эсептебегенде) жаман эмес аткарганы кызык:

Кээ бир учурларда Algoritmia жагымдуу таң калтырат — бул сүрөттө кызыл желек бир топ эле ишенерлик көрүнүүдө:

Жалпысынан сервис кереметтерди жаратпайт, бирок айрым учурларда эски сүрөттөргө кайрадан жаңыча кароого мүмкүндүк берет:

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Дмитрий Мотинов

Материалда "Кыргыз сүрөтархиви" долбоорунун сайтындагы сүрөттөр пайдаланылды