Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстанга «террористик коркунуч» тууралуу эскертип, өлкө бийлигин оппозициялык саясатчы Фетуллах Гүлен тарабынан ачылган окуу жайларды жабууга чакырды. Өз кезегинде Кыргызстан ТИМи Түркияны мамлекеттин ички ишине кийлигишпеси керектигин билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги республиканын көз карандысыз жана суверендүү мамлекет экендиги, ошондой эле «ал эмненин жаман жана эмненин жакшы экенин түшүнүп жана чечип алууга кудуреттүү экени» жазылган билдирүү таратты.

«Кайсыл бир өлкөнүн тышкы иштер министринин башка бир өлкөгө тигил же бул аракеттерди көрүшү керектигин ультиматумдар менен опузанын тилинде көрсөтүүсүн туура эмес деп эсептейбиз», — деп жазылган билдирүүдө.

Мекеме мындай билдирүүсүн Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети борборазиялык өлкөлөрдөгү окуу жайлары аркылуу аракет көрүп жаткан Фетуллах Гүлендин «террористтик уюму» тарабынан уюштурулгандыгы жөнүндөгү Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун айткандарынан кийин жасоодо.

Чавушоглу кыргыз кесиптеши — тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшкөнүн жана ага окуу жайлардын тизмесин берип, террористтик коркунуч жөнүндө эскерткенин айткан. Андан сырткары түрк министри Кыргызстандын бийлигин бүтүрүүчүлөрү жогорку кызматтарда иштеп жүргөн жеке түрк мектептери менен университеттерин жабууга чакырган.

«Кыргызстан биздин боордош эл болуп эсептелет жана биздин мамилелерибиз анын чечимине жараша болот, анткени бир тууган өлкө өз жеринде аскердик төңкөрүш жасоо аракетин көргөн террорчул уюмду кармап турбайт. Кыргызстан ТИМи биздин эскертүүбүздү өлкө президентине жеткирүүнү убадалады», — деди ал HaberTurk телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.

Кыргыз ТИМи түрк тараптын кайрылуусу менен эскертүүсүн карап жатканын жана зарылчылык болсо «адекваттуу жана өз учурунда чараларды» көрө турганын белгиледи.

«Белгилүү бир укуктук ченемдер, тараптардын милдеттенмелери жана башка маселелер бар. Бирок биз анын бардыгы тең биздин мамлекеттин гана ички иши экенин белгилейбиз», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

«Конспирологияларга берилбөө»

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын аймагында Фетхуллах Гүлен тарабынан ачылган 30дай жеке окуу жайы бар, алардын ичинде баштапкы жана орто «Себат» мектептери жана «Ататүрк» — Ала-Тоо» эл аралык университети бар.

«Себат» билим берүү борборунун басма сөз катчысы Ширин Дубанаева Kloop.kgнин кабарчысына борбор маалымат каражаттарына интервью бербөө чечимине келгенин айтты.

«Ататүрк — Ала-Тоо» университетинин «Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мавлюда Гусейнова Kloop.kgге курган маегинде түрк окуу жайларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү дайыма мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп келгендигин жана укук коргоо органдарында «экстремисттик шектенүүлөрдү жаратпаганын айтты.

«Эгер түрк бийлиги талап кылып туруп алса, анда ал өлкөгө басым жасоо, түздөн-түз опуза болуп калат. Өнүгүп жаткан өлкө тарабынан (Түркия) билим берүү европалык стандарттар менен жүргүзүлгөн үчүнчү дүйнөдөгү өлкөгө (Кыргызстан) басым жасалуусу таптакыр дипломатиялуу эмес. Мен биздин бийлик Түркия менен болгон мамилебизге зыян келтирбегидей туура чечим кабыл алат деп ойлойм», — деди ал.

Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү, журналист Асель Калыбекова «Себат» билим берүү мекемесинин айланасында жалган нерселер көп деп эсептейт. Анын пикиринде, түрк мектептери менен лицейлери Кыргызстандын бардык аймагында ийгиликтүү окуучуларды тарбиялап өстүрүп, мамлекеттик окуу жайларга атаандаштык жаратып жатат.

«Биз күн сайын эртең менен лицейдин короосунда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасачубуз, а көчөдө өтүп бара жаткандар бизди намаз окуп жатат деп ойлошчу. Мен адамдарды конспирологияларга берилбөөгө чакырат элем. Андан көрө канчалаган таланттуу окуучулар мамлекеттик эле эмес, а эл аралык олимпиадаларда да байгелүү орундарды алып, дүйнөнүн каалаган жогорку окуу жайында билим алуу мүмкүндүгүн берген чет өлкөлүк эки тилде эркин сүйлөп жүргөнүн карагылачы», — деди Калыбекова Kloop.kgге курган маегинде.

Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Зухра Вайдуллаева Kloop.kgнин кабарчысына окуу жайлар «көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү белек кылганын» айтты.

«Саясат билим берүүгө тоскоолдук кылбашы керек. Мында студенттер менен мектеп окуучуларынын кандай тиешеси бар? Ата-энелер мугалимдер менен тарбиячылардын эбегейсиз чоң эмгектеринин жемиштерин көрүп жаткан үчүн балдарын лицейлерге берип жатышат. Алар жөн гана балдарын окутууну каалашат. Жыл өткөн сайын лицейлерге болгон суроо-талап өсүп жатат, анын баары мугалимдердин аркасы менен. Эгер лицейлер жабылса таптакыр адилетсиз болуп калат. Бизди зомбилеп, башыбызды айлантпай эле да. Бизге жөн гана тандоо жасоо мүмкүнчүлүгүн берип, патриоттук сезимди тарбиялап, жаратылышка, айланадагыларга жакшы мамиледе болууга жана жакындарга каралашууга үйрөтүүдө», — деди ал.

Гүлен — Кыргызстандын эмес, а Эрдогандын көйгөйү

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов Кыргызстандын бийлиги түрк ТИМинин талаптарын аткара албайт деген ойдо. Ал аны «укуктук нонсенс» деп эсептейт.

«[…]Жабыш керек дегени эмнеси? Анда окуп жаткандар жана качандыр бир кезде окуп кеткендер менен чатак болбойбу. Бул коомдук чатак гана эмес, а укуктук нонсенс, анткени ал мекемелер биздин өлкөнүн мыйзамдары менен иштеп жаткандан кийин аларга карата укуктук дооматтар жок болушу мүмкүн. А эгер саясий дооматтар болсо, анда биздин өлкө үчүн көйгөйлүү сырткы саясат маселеси жаралат, анткени биз дагы бир жолу кайсыл бир маселелерде өзүбүзгө карабастан башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына макул болорубузду көрсөтөбүз», — деди Төлөгөнов Kloop.kgге.

Саясат таануучу Игорь Шестаков Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер мамлекеттик ички «териштирүүлөргө» көз каранды болбош керектигин айтты.

«Көпчүлүк кыргызстандыктардын окуу же бизнес боюнча Түркия менен байланышы бар экенин эске алуу керек. Түрк ТИМинин кескин позициясы эки өлкө ортосундагы сырткы саясаттагы кызматташтыкты күчөтүшү мүмкүн, өз кезегинде ал экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга да таасир этет. Түрк министринин «Гүлендүн бандасы» Кыргызстанда эң кубаттуу деген сөздөрүн дагы кантип кабыл алууга болот? Фетхуллах Гүлен — бул демократиялык өлкө болуп эсептелген Кыргызстандын эмес, а Эрдогандын саясий көйгөйү. Ошондуктан мындай ультиматумдарды популизм дегенден башкача атай албайсың», — деди ал.

Авторлор: Александра Титова, Айжамал Идирис