Американын Verizon оператору Yahoo компаниясын 4.8 миллиард АКШ долларына сатып ала тургандыгын билдирди. Келишимге кол коюу кийинки жылдын башталышына карата аяктайт. Kloop.kg легендардуу компаниянын доорунун бүтүшүнө байланыштуу үч башкы суроого жооп даярдады.

Ким кимди сатып алды?

Телекоммуникациялык Verizon корпорациясы башкы интернет-бизнес эсептелген Yahoo компаниясын 4,8 миллиард АКШ долларына сатып ала тургандыгы жөнүндө билдирди. Сатып алуу келишимине Yahoo ээлик кылган Alibaba кытай компаниясы менен бир канча азия бизнесинин акциялары кирбейт.

2017-жылдын биринчи кварталында аякташы күтүлүп жаткан келишимге кол коюлгандан кийин Verizon издөө, почта сервиси, Flickr сүрөтжыйнагы жана Tumblr социалдык түйүнү сыяктуу Yahoo компаниясынын бардык интернет-сервистеринин ээси болуп калат.

Бул келишим Yahoo үчүн кандай мааниге ээ?

Бул интернет-компаниянын тарыхы Yahoo веб-сайттардын каталогу жана ошол кездеги интернет-маданияттын маанилүү кыймылдаткычы болуп турган 1990-жылдардын башына барып такалат. Компаниянын башкы директору Марисса Майер өзүнүн ачык катында белгилегендей, «Yahoo компаниясына чейин интернет өкмөттүк изилдөө долбоору болгон. Бүткүл дүйнөлүк түйүндү, электрондук почтаны, издөө системасын, мультимедианы жана башка көптөгөн нерселерди Yahoo жандантып, популярдуулукка жеткирген».

Бул чындык —  Yahoo 1994-жылы, Google ишке киришкенден төрт жыл мурда эле Дэвид Филло менен Жерри Янг тарабынан негизделген. Бирок сервис Ларри Пейж менен Сергей Бриндин интернетте иштөөнү кыйла жеңилдеткен релеванттуулук алгоритмин пайдаланган жаңы издөө сервисинин кысымына туруштук бере алган эмес.

Акыркы он жылдыкта компанияда көйгөйлөр көп болду: ал интернет-бизнестин кайсыл тармагын ээлөө керектигин так аныктай албай убараланды. Бирок Yahoo жетекчилиги үмүтүн үзбөй келди. 2008-жылы компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Жерри Янг 44,6 миллиард доллар төлөп берүүгө даяр экенин билдирген Microsoftтун сунушун четке какты. 2010-жылы жетекчилиги компанияны 6 миллиард доллар сунуштаган Googleга сатуудан баш тарткан.

Компанияда оптимизм Google Search, Gmail, Google Maps, Google News долбоорлорунда негизги орунду ээлеген Марисса Майердин келиши менен жанданган. Ал 2012-жылы Yahooго башкы директор болуп дайындалган, бирок ал компаниянын экинчи демин ача алган жок.

Марисса Майер – Yahoo компаниясынын учурдагы башкы директору
Марисса Майер – Yahoo компаниясынын учурдагы башкы директору

Майердин жетекчилиги алдында компания 2013-жылы Tumblr социалдык түйүнүн 1.1 миллиард АКШ долларын сатып алып, көңүл ачуу жана жаңылыктар тармагын көздөй багыт алды. The Economist басылмасынын аналитиги эсептегендей, Yahoo компания 2004-жылдын 2006-жылга чейин 20 пайызын ээлеп турган интернет-жарнама рыногунда өз позициясын сактап кала алмак, бирок Майер ал тармакка акча салууга батына алган эмес.

Өз алдынча компания катары Yahooнун доорунун аякташы жетекчилиги потенциалдуу сатып алуучуларды издөө үчүн JP Morgan менен Goldman Sachs компанияларынан аналитиктерди жалдаган ушул жылдын башында эле башталган. Жыйынтыгында Yahoo Verizonдун сунушун кабыл алып отурат.

Бул келишим Verizon үчүн кандай мааниге ээ?

Verizon — Кошмо штаттарында колдонуучулары өтө көп болгон оператор. Компания өзүнүн уюлдук жана зымсыз байланыш кызматтарын 140 миллиондон ашык адамга сунуштайт.

Анткен менен азырынча эбегейсиз көп активдерге ээли кылып, акционерлеринин ишенимин сактап турган ири операторлор уюлдук байланыш компаниясынын популярдуулугунун төмөндөп жатканын көңүлдөрүндө сактап турушат. Андыктан Verizon үчүн Yahooну сатып алуу чоң мааниге ээ.

Өткөн жылы бул оператор бай тарыхка жана чоң колдонуучулар базасына ээ онлайн-кызматтарды жеткирүүчү AOL компаниясын 4.4 миллиард долларга сатып алган. Yahooну сатып алуу — ошол эле багытты көздөй жасалган кадам болуп эсептелет.

Азыр уюлдук операторлор үчүн учурду кармап калып, онлайн жана интернет жарнама тармагында позицияларга ээ болуу абдан маанилүү. Verizonдун учурдагы абалында дал жарнама маселеси курч турат: AOL компаниясын сатып алуу менен оператор өзүнүн жаңы бизнесин өнүктүрүү үчүн керектүү технологияга, а Yahooну алуу менен — колдонуучулар базасы менен табигый жарнама куралдарына ээ болду.