Баткен облустук ИИБсинин кызматкери өзүнүн фэйсбук-баракчасына тапанча менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. ИИМден териштирип, эгер сүрөттө чынында эле кызматтык тапанча болсо аны жумуштан ала тургандыктарын убадалашты. Автордун өзү сүрөттөгү тапанча оюнчук болгонун айтууда.

«Фэйсбуктун» Аида Жалилова аттуу колдонуучусу өз баракчасына тапанча алып түшкөн жети сүрөтүн жарыялаган.

Жалилованын баракчасында ал Баткен облустук ИИБсинин кызматкери жана ИИМ академиясынын бүтүрүүчүсү экени көрсөтүлүп, сүрөттөр Ысык-Көлдө тартылганы жазылган. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге кызматкерге карата ИИМ алдындагы жеке коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлө турган тергөө иштери башталганын билдиришти.

Басма сөз катчы Замира Юсупова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Баткен облустук ИИБси чараларды көргөнүн кошумчалады.

«Ал маалымат Баткенге жетээри менен жетекчилик дароо эле кызматтык тапанчалардын бардыгынын өз ордуларында экендигин текшерип чыгуу буйругун берди. Текшерүүнүн жыйынтыгында баары ордуларында болуп чыкты», — деди ал.

ИИМ кызматкери Абибилла Ниязовдун айтымында, эгер тапанча укук коргоо органдарына тиешелүү болсо, анда сүрөттүн автору жумуштан алынышы мүмкүн. Бирок ал үчүн тапанчанын табелдик же табелдик эмес экенин аныктоого мүмкүндүк берген тийиштүү экспертиза талап кылынат.

«Эгер тапанча оюнчук болсо, анда административдик жаза колдонулуп, сөгүш жарыяланат, а эгер тапанча табелдик болгон болсо, анда сөгүш жарыяланып, андан соң жумуштан алынат», — деди ал.

Юрист Айнура Орозбаеванын айтымында, милиционерлердин жумуштан сырткаркы убакта курал алып жүрүүсү кылмыш болуп эсептелет.

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамдын 15-беренесинин үчүнчү бөлүмүнө ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жумуштан сырткаркы убакта жанына куралын алып жүрүүгө укуктуу эмес. Ал кылмыш болуп эсептелет. Эгер тапанча ага [Аида Жалиловага] таандык болуп, бардык тийиштүү документтери бар болсо, анда мында эч кандай мыйзам бузуу жок», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Сүрөттөрдүн автору Аида Жалилованын өзү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде сүрөткө түшүү үчүн пайдаланылган тапанча оюнчук болгонун билдирди.

«Жөн гана оюнчук [тапанча] болгон. Баары тең кызматтык тапанчасын эс алууда алып жүрөт деп ойлоп жатышат. [Макаров тапанчасын] кантип алып жүрмөк элем, мен жинде эмесмин да. Ал жөн гана сүрөт. Мен эч кимди өлтүргөн жокмун да», — деди ал.

Кийинчерээк тапанча менен түшкөн сүрөттөрү Жалилованын баракчасынан өчүрүлдү. Колдонуучу ошондой эле иштеген жери жөнүндөгү маалыматтарды да өчүрүп салды.

Авторлор: Сайкал Ниязова, Алина Пак, Айбике Омурова