Kloop.kgнин редакциясы командасына өз алдынча, ошондой эле командада иштөөгө жөндөмдүү болгон Кыргызстандын түштүгү боюнча макалалардын редакторун издейт. Эгер силер Кыргызстандагы эң прогрессивдүү медиа-редакцияда иштөөнү жана жаңы тажрыйбаларга ээ болуу менен Кыргызстандын түштүгүндө эң мыкты репортер болууну кааласаңар, анда материалдын аягындагы форма аркылуу билдирме жөнөткүлө, бирок алгач сөзсүз түрдө төмөндөгү талаптар менен таанышып алгыла.

Көңүл буруңуздар! Билдирмелер 2-август саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Талаптар:

  • онлайн-ЖМКда иштөө тажрыйбасы;
  • жазуу жана оозеки кыргыз жана орус тилдерин жакшы билүү;
  • өз алдынчалык;
  • маалымат булактары менен иштей билүүсү — издөө, интервьюларды алуу;
  • иштеп чыгуу;
  • оперативдүүлүк;
  • ынтызарлык;
  • демилгелүүлүк;
  • стресске туруктуулук;
  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча иш сапарларга чыгуу мүмкүнчүлүгү (зарыл болгон учурларда чыгымдар редакция тарабынан төлөнүп берилет);
  • шашылыш кырдаалдарда жана мөөнөтүнөн ашыкча иштөө мүмкүнчүлүгү (зарыл учурларда).

Атаандаштык артыкчылыктары:

  • өзбек тилин билүүсү
  • англис тилин билүүсү;
  • жеке байланыштар базасына ээ болуу;
  • Вордпресс менен колдоно билүүсү;
  • графикалык редакторлор менен пайдалана билүүсү;
  • беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу.

Милдеттери:

  • темаларды таап, редакция менен макулдашуу;
  • маалымат булактары менен өз алдынча иштешүү жана интервьюларды алуу;
  • жаңылыктар менен көлөмдүү макалаларды өз алдынча жазуу жана жарыялоо;
  • онлайн-чогулуштарга катышып, темаларды сунуштоо;
  • маанилүү окуялардан тексттик транслация жүргүзүү;
  • штаттан сырткаркы журналисттердин иштерин пландоо жана жарыялоо;
  • зарыл болгон учурларда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына иш сапарларга чыгуу;
  • зарыл болгон учурда түштүк аймактарда иликтөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • аймактык ЖМКлардагы тенденциялар менен жаңылыктарга көз салуу.

Айлык акы: аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.

Бонустар:

  • Kloop.kg — Кыргызстандагы эң кайраттуу жана прогрессивдүү медиа-редакция — биз форматтар жана кызыктуу өткүр репортаждар менен тажрыйба жасоолорду кубаттайбыз;
  • редакцияда иштөө дайыма үйрөтүү элементтерине ээ — кызматкерлер практикада  жаңы медиа табылгалары менен таанышып, өздөрүн адаттан тыш форматтарда сынап көрүшөт;
  • Kloop.kgнин редакциясында цензура жок — биз бардык темаларды чагылдырабыз жана эң көп түрдүү көз караштарды беребиз;
  • редакция өз кызматкерлерин тили, дини, жыныстык, расалык белгилери же сексуалдык ориентациясы боюнча басмырлабайт;
  • иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жигердүү катышуу жана жардам берүү үчүн кошумча акча төлөнөт;
  • Kloop.kg мыкты кызматкерлерди эл аралык стажировкаларга, тренингдерге жана конференцияларга болгон номинациялар менен сыйлайт.

Бош орунга кантип билдирме жиберүү керек:

  1. Төмөн жактагы байланыш формасын толтургула
  2. Резюмеңерди тиркегиле
  3. Өзүңөрдүн жарыяланган эмгектериңердин үлгүлөрүн тиркегиле
  4. Чагылдыруу үчүн түштүк аймактарынан конкреттүү үч тема сунуштагыла

Билдирмеңиздер каралгандан кийин Kloop.kgнин командасы электрондук почта же көрсөтүлгөн телефон номурлары аркылуу сиздер менен байланышат.

    Атыңыз*

    Эмейлиңиз*

    Телефон номериңиз*

    Канча айлык алууну каалайсыз* (сом менен)

    Ош/Жалал-Абад/Баткен облустарынан жазууну каалаган үч такталган темаларды сунуштаңыз*

    Кайсы тилдерди билесиз?* - "жакшы" же "мыкты" билем деп эсептеген тилдерди белгилеңиз

    кыргызчаорусчаөзбекчеанглисчетүркчөбашка

    Вордпрессте иштей аласызбы?*

    ообажок

    Графикалык редакторлорду билесизби? Эгер билсеңиз, алар кайсылар?*

    Резюмеңизди тиркеңиз*

    Сиздин эмгектериңиздин үлгүлөрү*

    * - Сөзсүз түрдө толтурулушу зарыл