2014-жылы 220 миллион доллар каражат топтогон Ice Bucket Challenge деген аталыштагы популярдуу интернет-флешмобу Project MinE окумуштуулар тобунун изилдөөсүн каржылап берди. Изилдөөнүн жыйынтыгында алар бүгүнкү күндө дарыланбай турган булчуңдардын шал оорусун жараткан амиотрофикалык каптал склерозунун өрчүү тобокелдигине байланышкан жаңы генди ачышты.

27-июлда америкалык АКС ассоциациясы (АКС - амиотрофикалык каптал склерозу) Массачусетс университетинин алдындагы Медицина мектебинин окумуштуулары оорунун өрчүү тобокелдигин жараткан NEK1 жаңы генин таба алгандыктарын билдирди.

Ассоциациянын маалыматы боюнча, генди ачууга дүйнөнүн 11 өлкөсүнүн 80ден ашык окумуштуусу катышкан жана алардын бардыгы тең амиотрофикалык каптал склерозунун (АКС) өрчүүсү үчүн жооп берчү гендерди ачуу максатын койгон Project MinE изилдөө программасында иштешет.

АКС — бул организмдин кыймылдоо функциялары үчүн жооп берген нерв клеткаларынын өлүшүнө жана булчуңдардын шал болуусуна алып келген оор нейродегенеративдик оору. Бул оору менен жабыркаган белгилүү адамдардын ичинде көрүнүктүү физик Стивен Хокинг, америкалык бейсболчу Лу Гериг, китай саясий лидери Мао Цзэдун бар.

Бүгүнкү күндө ал ооруну дарылоо жолдору табыла элек, ошондуктан окумуштуулар ооруну пайда кылчу гендерди изилдеп чыккан соң, аны дарылоо ыкмаларын табууга мүмкүн болот деп үмүттөнүп жатышат.

Эрежеси боюнча адамдар баштарынан ылдый муздак суу куюнуп, аны видеого тартып, соцтүйүндөргө жайгаштыруу менен эстафетаны досторуна өткөрүп бериши керек болгон Ice Bucket Challenge флешмобу алгачкы 30 күндүн ичинде 100 миллион доллар топтогон. АКС ассоциациясынын маалыматы боюнча, өнөктүктүн аягына чейин жалпысынан 220 миллион доллар топтолгон.

«Ice Bucket Challenge бүткүл дүйнө жүзү боюнча жаңы каржы булактарын табууга мүмкүндүк берди. Мындай эл аралык кызматташуу амиотрофикалык каптал склерозунун пайда болуу себептерин түшүнүүбүзгө жардам берет», — деп жазды Массачусетс медицина мектебининин изилдөөчүсү Жон Ландерс ассоциациянын сайтына жарыяланган билдирүүсүндө.

Изилдөөчү флешмобдун чоң ролун белгиледи. Анын айтымында, Ice Bucket Challenge — бул ийгиликтүү кайрымдуулук өнөктүгүнүн ачык далили.

Ice Bucket Challenge

Ice Вucket Сhallenge (бир чака муздак суу менен сыноо — англ. котормосу) — амиотрофикалык каптал склерозу менен жабыркаган адамдарга жардам берүү үчүн 2014-жылдын августунда башталган интернет-флэшмоб.

Флешмобдун эрежеси боюнча, акциянын башынан ылдый муздак суу куюнган катышуучусу америкалык АКС ассоциациясынын кайрымдуулук фондуна 10 доллар которуп, дагы үч катышууга чакырык жасашы керек болчу.

Чакырыкты кабыл алгандар 24 сааттын ичинде ошондой эле аракеттерди көрүп, ал процессти видеого тартып соцтүйүндөргө жарыялоолору керек болгон. Эгер алар акцияга катышууну каалашпаса, анда кайрымдуулук фондго 100 доллар которууга милдеттүү болушкан.

Флешмобдун автору катары америкалык бейсболчу Пит Фрейтс эсептелет. Дарыгерлер андан амиотрофикалык склероз таап, ал бир канча убакыттан соң кыймылдай, тамак жей албай жана сүйлөй албай калгандан кийин эстафетанын эрежелерин жарыялаган.

Акция ага Facebook социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг, Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтс, актер Вин Дизель жана АКШнын мурдагы президенти Жордж Буш сыяктуу белгилүү адамдар кошулгандан кийин чоң популярдуулукка ээ болгон.

Флешмоб Кыргызстанга да жеткен, бирок Ice Вucket Сhallenge өнөктүгүнүн кыргыз колдонуучулары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берген Балдарды коргоо борборуна көмөктөшүүнү чечишкен. Чакырыкты Kloop.kgнин негиздөөчүсү Бектур Искендер, блогер Эльдана Сатыбалдиева, теле алып баруучу Ассоль Молдокматова, ырчы Зарина Хасанова жана фотосүрөтчү Евгений Чистяков сыяктуу бир катар белгилүү адамдар да кабыл алышкан.

Акция журналисттер, активисттер жана башка коомдук ишмерлер тарабынан бир канча жолу сынга алынган. Алар акциянын кайрымдуулук мүнөзгө ээ болбостон, ага катышкандардын «өзүн өзү жарнамалоосу» болуп калганын айтышкан. Ice Вucket Сhallenge флешмобун натыйжасыздыкка жана сууну ысырап кылууга айыпташкан.

Авторлор: Ольга Овсянникова, Ксения Иванова