Унаасындагы кутучанын жарылуусунан кийин Башкы прокуратуранын кызматтык иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору Эркин Курманалиев реанимацияда жатат. Прокурор жараат алып, колунан ажырады. Дарыгерлер анын абалын «оор» деп баалап жатышат. 15:48де жаңыланды

Кыскача:

— Жарылуу 29-июлда Орто-Сай айылында болду — прокурор Эркин Курманалиевдин унаасынын үстүнө коюлган кутуча жарылып кеткен; — Жарылуудан улам прокурор колунун манжаларынан ажырады, ошондой эле анын сол көзү катуу зыянга учураган. Дарыгерлер анын денесинен жарылуудан кийинки майда бөлүктөрдү табышты жана абалын «оор» деп баалап жатышат; — Курманалиев Башкы прокуратуранын Кызматтык иликтөө бөлүмүндө ага прокурор болгон. Прокурордун туугандары кол салуунун анын кесиптештери тарабынан уюштурулган болушу ыктымалдыгын жокко чыгарышпай эле.

Кененирээк:

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жарылуу 29-июль күнү эртең менен Орто-Сай айылындагы көп кабаттуу үйдүн унаа токтотуу жайында болгон — прокуратура кызматкери Эркин Курманалиевдин унаасынын үстүндөгү жарылуучу зат орнотулган кутуча жарылган. Анын жыйынтыгында Курманалиев жараат алып, колунан ажырады. Башкы прокуратуранын расмий сайтында Эркин Курманалиевдин кызматтык иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору экендиги жазылган. Ал прокуратура органдарындагы кызматтык тартип бузууларды, коррупциялык иштерди жана башка мыйзам бузууларды аныктоо менен алектенген. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө. Курманалиевге хирург жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков операция жасады. Ал Kloop.kgге жараат алган прокурордун манжалары ампутацияланганын  жана сол көзүнө операция жасалганын айтты. Дарыгерлер ошондой эле прокурордун төшүнөн жарылуудан кийинки майда сыныктарды табышкан. Курманалиевдин досу экенин билдирген «Твиттердин» Ислан Турганбаев деген колдонуучусу жараат алган прокурор мекеме ичиндеги бир канча чуулгандуу иштерди, анын ичинде 100 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылгандыгы үчүн катаал режимдеги абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевдин ишин да иликтеп жүргөнүн жазды. Азырынча Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бул маалыматты ырасташа элек.

Курманалиевдин тууганы да кол салууну анын кесиптештери уюштурган болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Бул тууралуу ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. «Муну анын жумушундагылардын кимдир-бирөөсү жасаган болушу мүмкүндүгү жокко чыгарылбай эле. Кадимкидей эле күн болчу, ал жумушка барайын деп жаткан, аялы балдары менен үйдө болчу. Унаасынын үстүндө бут кийим салынчу кутуча турган. Ал аны алайын дегенде жарылып кетти. Жарылуу толкуну төмөн кетип, унаанын төбөсүн көңтөрүп жиберген. Тез жардам кызматы көпкө келген жок. Аны ооруканага ата-энеси өзүлөрү алып жөнөшүп, тез жардам кызматы аларды жолдон алып кеткен», — деди ал. Окуядан кийин жарылуу болгон жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери менен сапёрлор барышып, жардыруунун себептерин аныктоо үчүн тергөө иштерин башташкан. Азырынча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бербей эле. Жарылуу «Укук коргоо органдарынын кызматкери менен аскер кызматкерине өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна себеп болду. Автор: Анастасия Шевцова Сүрөт: Заноза