Бишкектеги «Оймо-2016» фестивалы [+cүрөт]

Борбор калаада үч күнгө созулчу эл аралык «Оймо-2016» фестивалы башталды. Анда жергиликтүү жана чет элдик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, сатып алууга болот.

Oymo_Fest_Bishkek (3)

Oymo_Fest_Bishkek (8)

«Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында «Оймо» фестивалы 29-июлда башталды. Уюштуруучулар фестивалдын 31-июлда жыйынтыктоочу парад менен аяктаарын айтат. Фестивалдын максаты — элдин ичинде унутта калган буюмдарды жаңыртуу жана элге тараттуу.

Oymo_Fest_Bishkek (13)

Oymo_Fest_Bishkek (6)

Бул фестиваль 2006-жылы негизделип, алгачкы жолу өткөрүлгөн. Быйыл кол өнөрчүлөрдүн башын кошкон «Оймо-2016» фестивалы 11 жолу болуп жатат.

Oymo_Fest_Bishkek (12)

Иш-чарага жалаң эле кыргыздар эмес, чет өлкөлөрдөн да келишет. Фестивалдын директору Динара Чочунбаеванын айтымында, быйылкы иш-чарага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Орусия жана Индиядан 150дөй кол өнөрчүлөр катышууда.

Oymo_Fest_Bishkek (11) Oymo_Fest_Bishkek (14)

Бишкекте «Оймо-2016» фестивалы аяктаган соң 1-7-август аралыгында Чолпон-Ата шаарында уланмакчы.

Даярдагандар: Азирет Туратбеков, Адилет Канат уулу, Ууржан Молдокулов.