Кыргызстандын түштүгүндөгү нөшөрлөгөн жаан Баткен облусундагы 18 айылда сел агымдарын жаратты. Суу 19 үйдү каптап, бир канча айылды бириктирип турган үч көпүрөнү бузуп кетти. Болжолдуу маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан жашоочулардын эч кимиси жабыркаган эмес.

Баткен облусундагы сел агымдары 30-июлда болгон. Суу жолдорду жууп, 19 үйдү каптап, Ош-Баткен-Исфана унаа жолундагы үч көпүрөнү бузуп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) таш аралаш суу агымынын пайда болушуна бир канча күнгө созулган нөшөрлөгөн жаан себеп болгонун билдирди.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, селден улам 18 айыл жана үч шаар — Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү зыянга учураган.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолу авариялык абалда, кыймыл айланып өтчү жол аркылуу ишке ашырылууда, деп билдирди ӨКМ.

Жалпысынан суу Баткен облусунда эки көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн жарым жартылай жана 44 турак-үйдү, ошондой эле кеминде беш гектар айдоо жерди каптаган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипованын айтымында, кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чыгып кеткен. Шерипова селдин кесепеттерин жоюу иштерин мекеме жетекчиси өзү көзөмөлдөй тургандыгын айтты.

Июндун ортосундагы Талас облусу да сел болгон. Анда суу төрт айылды бириктирген эки көпүрөнү бузуп, дагы тогузун зыянга учураткан. Табият кырсыгынан улам аймактагы унаа кыймылы толугу менен токтотулган болчу.

Майдын аягында Баткен облусунда сел жүргөн. Бийиктиги 6-7 метрди түзгөн суу агымы үйдөрдү каптап, алты кишинин өмүрүн алып кеткен. Табигый кырсык анда Кадамжай шаары менен үч айылды — Тамаша, Кызыл-Булак жана Охнанын каптаган.