Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта басма сөз жыйынын өткөрүп, анда эмнеге Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин, эмне себептен Кыргызстанга түрк мектептери керектигин жана кантип ыр жаза тургандыгы жөнүндө айтып берди.
Алмазбек Атабаевдин 1-августта Ысык-Көлдөгү Рух-Ордо этно-комплексинде өткөн басма сөз жыйыны эки жарым саатка созулду.
Жолугушууга барган журналисттерди биринчи кезекте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси, эл аралык милдеттенмелер, ошондой эле улут, дин, маданият жана президенттин чыгармачылыгы боюнча маселелер кызыктырды.
Ажыдаар президентке каршы өзгөртүүлөр
Июлдун аягында парламент депутаттары Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунушташкан — 29-июлда сунушталган өзгөртүүлөрү менен документ Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган.
Сунушталып жаткан негизги өзгөртүүлөр сот органдарына, аткаруу бийлиги менен парламенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө, ошондой эле «жогорку баалуулуктар» түшүнүгүн киргизип, адам укуктары боюнча эл аралык институттардын чечимдерин чечүүнүн ролдорун өзгөртүүгө байланыштуу.
Мыйзам долбоору жарандык коом өкүлдөрүнүн сын-пикирлерин жараткан. Алардын бир бөлүгү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү башкаруучу режимдин бийлигин гана бекемдейт деген божомолдорун айтып жатышат. Кыргызстандыктардын бир бөлүгү болсо президент өлкөнүн башкы документин премьер-министр катары өлкөнү башкаруусун улантуу үчүн өзгөртүп жатат деп эсептей тургандыктарын билдиришти.
Бирок президенттин өзү маалымат жыйынында «саясаттан чарчаганын» жана анда калуу ниети жок экенин айтты. Ал ошондой эле өзгөртүүлөр «жай аракеттеги миналарды» жоюу үчүн киргизилгени жатканын белгиледи.
«Эгер мен бийликте калгым келсе, аны парламентсиз эле жасамакмын. Менде элдик демилге менен референдум өткөрүү көйгөйү болмок эмес», — деди Атамбаев.
«Азыркы Конституция менен кийинки президент оңой эле ажыдаар боло алат. Мен көптү көргөм. Келечекте 120 баштуу ажыдаар болбошу үчүн Конституцияны өзгөртүү керек. Эгер мендей эмес президент болсо, анда ал Конституцияны оңой эле өзгөртүп, ажыдаар болуп алат. Мен бүгүн деле кызматтан кете алам, бирок бир жыл ичинде бир нерсе болсо да жасап кетүүгө аракет кылып жатам. Ким президент, премьер же төрага болбосун, бийлик бир адамда болбошу керек», — деп кошумчалады ал.
«Түркия өз шарттарын таңуулабашы керек»
Өлкөнүн Түркия менен болгон мамиле кыргызстандыктарда өзгөчө кызыгууну жаратат, анткени 16-июлдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги массалык камакка алууларды ишке ашырып, аскерлерди, сотторду, мугалимдерди, журналисттерди жумуштан алып, оппозиционер Фетуллах Гүлен тарабынан каржыланган окуу жайларды жаап, союздаштарын да ошондой кадамдарга барууга чакырган.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу CNN Turk телеканалына курган маегинде Кыргызстанда терроризм коркунучу бар экенин жана эгер өлкө бийлиги Гүлен тарабынан каржыланган мектептерди жаппаса, анда түрк өкмөтүнүн «бир тууган элге» карата мамилеси өзгөрө турганын айткан.
«Ошончолук эле кыйын болушса анда эмнеге өзүлөрүндө төңкөрүш аракетине жол беришти? Албетте бардык кеңештерди угуп, маалыматтарды текшеребиз, бирок бизди коркутуунун же акыл үйрөтүүнүн кереги жок. «Себат» жөнүндөгү маалыматтарды текшеребиз, бирок алар биздин стандарттар боюнча иштеп жатышат жана бизге сапаттуу окуу жайлар керек», — деди президент.
Ал кааласа Түркия бийлиги өлкөгө жардам бере ала тургандыгын, бирок өз шарттарын «таңуулабашы» керектигин белгиледи.
Саясатташкан БУУ, кыска юбкалар жана бешинчи графа
Президент дүйнөдө көп нерселердин күчтүү державалар тарабынан «таңууланып» жатканына карабастан Кыргызстан өз алдынча чечим чыгарышы керек болгон көз карандысыз өлкө экенин билдирди.
Ал учурда эл аралык укук коргоо уюмдарынын чечимдери да «саясий» болуп эсептеле турганын айтты. Бул тууралуу өлкө башчысы жактоочулары БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин негизинде бошотууну талап кылып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«БУУ суверендүү өлкөнүн Жогорку сотунун чечимин жокко чыгарбашы керек. Эгер кимдир бирөө БУУ адилеттүү чечимдерди чыгарып жатат деп эсептеп жаткан болсо, мен ачык эле айтам, БУУнун чечимдери — бул саясий уюмдардын чечимдери», — деди Атамбаев эгер адам укуктары боюнча эл аралык органдар тарабынан адам укуктарынын бузулгандыгы далилденген болсо, Кыргызстанды ал укуктарды калыбына келтирүүгө милдеттендирген Конституциядагы ченемди алып салуу чечимине байланышкан коомчулуктун сын-пикирлерине жооп кылып.
Өлкө башчысы «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген сөздөр жазылган баннерлерден кийин пайда болгон кыргыз кийимин кийген жана кыска юбкачан кыз-келиндердин жарнагы боюнча пикирин билдирди.
«Мен улуттук кийим тууралуу беннерлердин өлкөнүн бардык аймактарына илинишин колдогом, бирок биз кыска юбкаларга бара жатабыз деген акылдуулар да чыгышыптыр. Биздин айымдар совет учурунда эле кыска юбкаларды кийип жүрүшкөн […] Эгер силерге кийим жакпаса, анда бизге таңуулабагыла, башка өлкөдө жашагыла, Сирия же Бангладешке бара турган акчаңарды төлөп беребиз», — деди президент.
Журналисттердин жаңы паспорттор боюнча суроолоруна жооп берип жатып Атамбаев улуту көрсөтүлгөн графа жок болгон паспорттордун жаңы үлгүсүн колдой турганын айтты. Ал мындай практиканы бардык «цивилдүү» өлкөлөр киргизгендигин белгиледи.
«Эгер сен өзүңдү кыргыз деп эсептесең, анда паспортуңа эфиоп деп жазып алсаң да кыргыз бойдон каласың […] А биз — нормалдуу, цивилдүү өлкөбүз», — деди ал.
Журналисттер президенттен акыркы кездерде такай алектене баштаган чыгармачылыгы жөнүндө да сурашты. Атамбаев акыркы эки ай ичинде өзүнүн калемине таандык төрт ыр жаздырып, ушул жылдын сентябрында болчу өзүнүн 65 жылдыгына карата он ырдан турган альбомун чыгарууга даярданып жатканын билдирген.
Президент басма сөз жыйынында негизинен ырларын орус тилинде жазарын, а аны ырларын түшүнбөгөндөр сындап жатканын айтты.
«Канчалаган ызы-чуу, ар бир клип чыккан сайын кайсыл бир аймак үчүн күрөш жүрүп жаткандай. Орус тилиндеги ырларды негизинен орусча билбегендер шыбап жатышат. Мен Самбулгабы же Ташкентке барышым керек болгон. Анан акыркы учурларда президенттик учак менен учууга болбой тургандыгын, кооптуу экенин, ташкенттик учак менен учуу керектигин айтып калышты. Мен го жаш эмесмин, өлүмдөн коркпойм. Кайтып келгенде өлгөндөн кийин артымда эч нерсе калбай калат деп ойлодум. Анан убакыт таап орус тилиндеги беш ырымды жаздырдым. Ага 47 мүнөт убактым кетти», — деди Атамбаев.
Тексттик трансляция: