Суудан өтүп бара жаткан эки кичинекей баланын сүрөтү Instagramдын расмий аккаунтуна 1-августта жарыяланды. Баткен облусунун Исфана шаарынан алыс эмес жерде тартылган фотосүрөтчү Эльёр Нематовдун эмгегине 700 миңге жакын колдонуучу лайк коюуга жетишти.

Фотосүрөтчү Эльёр Нематов бир нече жылдан бери Кыргызстандан чет өлкөлөргө кеткен мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосу тууралуу фотодолбоорлорду жасоо менен алектенет. Ал Кыргызстандагы анча чоң эмес кыштактардан тарта Фергана өрөөнүнө чейинки аймактагы көчмөн маданияттын мурастары менен андагы жаңылануу белгилерин чагылдырып келет.

Нематовдун эмгеги жарыялоо үчүн Instagram социалдык түйүнү тандап алган сүрөттөрдүн бири болуп калды. Нематовдун Баткен облусундагы Исфана шаарынан алыс эмес жерде тартылган сүрөтүндө жасанып, кооз кийинген кичинекей балдардын суудан өтүп бара жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Hospitality, respect for elders, harmony with nature: Elyor Nematov (@elyornematov) has his #EyesOn the post-Soviet countries of Central Asia, and these are just a few of the values that he observes at the region’s core. “What I find most important in my work is not to judge each local ethnic group or nationality at face value,” says the documentary photographer from Bukhara, Uzbekistan, who is fluent in Uzbek, Persian, Russian and English. “Underneath the surface there is more that ties us together than separates us.” From small villages in Kyrgyzstan to the expansive Fergana Valley, Elyor records the legacy of nomadic culture and signs of modernization. “Central Asian countries are very young, and I get the sense we are moving from adolescence into adulthood in terms of development.” As the region navigates change, Elyor’s vignettes of daily life celebrates a diverse patchwork of cultures and ethnicities. “Sometimes it’s just a random watermelon seller from the market, sometimes it’s a kind policeman helping drivers or passengers on the public bus.” Other times, a sweeping panorama is the best way to convey the spirit of his homeland. Photo by @elyornematov

Фото опубликовано Instagram (@instagram)

Бир күнгө жетпеген убакыт ичинде Instagramдын расмий аккаунту жарыялаган ал сүрөткө 700 миңге жакын лайк коюлган.

«Мен эч кайда берген эмесмин, Instagramдын командасы мени менен өзү байланышка чыкты. Алар мен жөнүндө жазгылары келгенин айтышты; мен кайсыл жакка, эмне үчүн экенин да билген эмесмин. Алардын мени кантип тапкандарын да билбейм.[…] Мен алар сүрөтүмдү алат деп ойлогон эмесмин, кайсыл сүрөтүм экенин да билген эмесмин, ошондуктан анын баары таптакыр күтүүсүздөн болду. Алар болгону менден Борбордук Азияда эмне менен алектене тургандыгым, эмнеге үйрөнүп, эмнени түшүнгөнүм жөнүндө интервью алышты», — деди Нематов Kloop.kgге курган маегинде.

Фотосүрөтчү басылмалардын көбү келечекте кызматташуу үчүн фотосүрөтчүлөрдүн жарыялаган эмгектерине, алардын көргөзмөлөрүнө көз салып тура тургандыктарын кошумчалады.

«Адатта ал мындай болот: кайсыл бир жерден көрүшөт, жарыяланган сүрөттөргө көз салып турушат, анткени сүрөттөрүм түрдүү ЖМКларга, европалык жана америкалык журналдарга басылып чыгат, айрым сүрөтагенттиктери мени менен кызматташышат, алардын ичинде Open Society Foundation да бар; мен я Getty Images үчүн контрибьютормун, ошондой эле менин чет өлкөлөрдө да көргөзмөлөрүм өтүп турат. Менимче, ушунун баары алардын эмгектеримди көрүп, жазып көрүү чечимин кабыл алган жерлердин бири болгон», — деп түшүндүрдү ал.

Эльёрдун күнүмдүк жашоосундагы сүрөттөр жөнөкөй, түрдүү түстөргө толгон жана реалдуулукту чагылдырат: «Айрым учурларда ал жөн гана базардагы дарбыз сатуучу, башка учурларда боорукер полиция кызматкери болот… А кээ бирде кеңири масштабдагы панорама — бул өз мекенинин духун берүүнүн мыкты жолу», — деп жазган Instagram командасы.

Эльёр Instagramдагы өзүнүн жеке баракчасына ар бир сүрөттүн маанайын көрсөтүп турган кичи-окуяларды жарыялайт. Ал суудан өтүп бара жаткан балдардын сүрөтүнө төмөндөгүдөй диалогду жазган:

Мен: Силер каякка баратасыңар?
Балдар: Бүгүн бала бакчада коштошуу оюн-зоогу болот.
Мен: Ал каякта болот?
Балдар: Болжол менен 40 мүнөт жөө басыш керек.
Мен: Силер суунун бул жеринен өткөндөн коркпойсуңарбы? Үйдөн саат 7:30 чыктыңар беле?
Балдар: Жок, биз туура саат 7:45те чыкканбыз. Бул бала бакчага барчу жалгыз жол.
Мен: Силердин ата-энеңер каякта?
Балдар: Алар үч жылдан бери Орусияда иштешет. Бала бакча аяктады, эми биз баарыбыз Орусияга көчүп барып, ошол жактагы мектепте окуйбуз.

Биз маегибизди бала бакчага жеткенге чейин уланттык.

Автор: Анастасия Шевцова