«Пикир» бөлүмүнө жарыяланган материалдар алардын авторлорунун жеке пикирин билдирет. Билдирүүнүн түп нускасы юрист Нурбек Токтакуновдун баракчасына чыккан.

Колонканын автору: юрист жана «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов
Колонканын автору: юрист жана «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов

Конституцияны өзгөртүү долбоору парламенттеги алты фракциянын төрт фракциясынын депутаттары — Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов, Канатбек Исаев. Бакыт Төрөбаев жана Алтынбек Сулайманов тарабынан сунушталган.

Мазмуну боюнча, бул мыйзам долбоору конституциялык төңкөрүш жасоо жана бийликти басып алуу аракети болуп эсептелет.

Ал өзгөртүүлөрдү киргизүү биздин өлкөнү диктатордук режимдүү полициялык мамлекетке айлантат. Бул образдуу салыштыруу эмес, эгер азыр тоскоолдук кылбасак ал биздин эртеңки реалдуулугубуз болуп калышы мүмкүн.

«Улуу дөөлөттөр» жөнүндө

  1. Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери кыргыз мамлекетинин «улуу дөөлөттөрү» түшүнүгүн киргизип, төмөнкүлөрдү бир катарда санап беришүүдө:
  • Адам, анын өмүрү, бакытка умтулуусу, ден соолугу, укуктары жана эркиндиктери, Мекенди сүйүүсү, коопсуздугу, билими, намысы жана аброю;
  • Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы, мамлекеттик эгемендиги, улуттук кызыкчылыктары;
  • Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгү;
  • Кыргызстан элинин биримдиги, өлкөдөгү тынчтык жана ынтымак;
  • Адилеттик, укуктун үстөмдүгү жана мыйзам алдындагы теңдик;
  • Улуттук маданиятты, тилди сактоо жана өнүктүрүү, тарыхка этият мамиле;
  • Адеп-абийир, үй-бүлө, балалык, аталык, энелик, ата-энеге камкордук, улууну урматтоо, каада-салттар менен прогрессти айкаштыруу;
  • Инсандын гармониялуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу экономикалык, социалдык жана башка шарттарды түзүү;
  • Жагымдуу айлана-чөйрө.

2. Иштеп чыгуучулар кыргызстандыктар тарабынан гана эмес, а дүйнөдөгү бардык адамдар тарабынан бааланган нерселердин баарын бир катарда санап беришкен. Сөзмөрдүн сүйлөөсүндө же көркөм чыгармаларда орундуу болгон нерселер конституцияда орунсуз.

Ансыз деле учурдагы конституцияда жогоруда саналган бардык дөөлөттөрү каралган, бирок алардын ар бири өз ордуларында турушат жана ар бири өз колдонуу тармагына ээ. Алар тууралуу алдыда түшүндүрүп берем.

  1. Конституция өзүнүн жаратылышынан эле коомдук келишим болуп эсептелет. Анда коом:

— өзүнүн улуу дөөлөттөрүн жарыя кылат;

— коомдун саясий түзүлүшүн [мамлекеттик бийликти, тактап айтканда, коомдун иштерин башкаруу боюнча жогорку органдарды (бийлик бутактарын)] аныктайт (ал башкаруунун тартиптерин жана бийлик бутактарынын өз ара аракетинин тартиптерин орнотот).

4. Кандай гана коом болбосун биринчи кезекте инсандардан, индивиддерден турат, ошондуктан коомдун улуу дөөлөттөрү болуп жалпы адамзаттык жеке дөөлөттөр — адам, анын өмүрү жана саламаттыгы, анын укуктары жана эркиндиги саналат.

5. Мамлекеттик бийлик (мамлекет) өлкө жана коом менен ассоциацияланбашы керек, ал коомдун кызыкчылыктарын тейлеген жана коомдун улуу дөөлөттөрүн коргогон коомдун кызматындагы аппарат гана болуп эсептелет.

6. Инсандардын коомго биригүүсү — улуттук коопсуздук жана коомдук тартип (көз карандысыздык, суверенитет, аймактык бүтүндүүлүк, элдин биримдиги, адеп-ахлактуулук, өнүкккөн экономика жана башка) сыяктуу башка түрдөгү дөөлөттөрдү белгилөө зарылдыгын жаратат.

Өзүнүн маанилүү экенине карабастан алар жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн ишке ашуусу жана корголушу үчүн зарыл шарттар болуп эсептелишет. Жалпы адамзаттык дөөлөттөр үчүн зарыл шарттар сыятуу эле улуттук коопсуздук менен коомдук тартипти камсыз кылуу мамлекеттин милдети болуп эсептелет.

Андан сырткары инсандардын коомго биригиши менен кээ бир адамдардын укуктары менен эркиндиги башкалардын укуктары жана эркиндиги менен туура келбеши мүмкүн, мында конституциялык ченемдерде «башкалардын укуктары менен эркиндиги» деген стандарттуу эскертме пайда болот.

7. Практикада түрдүү дөөлөттөр менен кызыкчылыктар көпчүлүк учурларда атаандаш болуп чыгышат жана бийликте кыйла максаттуураак, инсан менен коомдун кызыкчылыктарына эң аз зыян келтирчү коопсуз чечим кабыл алуу үчүн ал кызыкчылыктарды таразалоо, приоритеттерди аныктоо алгоритми болушу керек.

Маанилүү конституциялык механизм болуп адамдын укуктары менен эркиндигин чектөө алгоритми эсептелет. Кандай гана конституция болбосун, анын ичинде биздин учурдагы конституциябызда да адамдын укуктары менен эркиндиги коопсуздук, коомдук тартип, калктын саламаттыгы жана адеп-ахлактуулугу, башка адамдардын укуктары менен эркиндигинин кызыкчылыгында чектелиши мүмкүндүгү каралган. Ошол эле маалда ал чектөөлөр шайкеш болушу керек.

Чектөөлөрдун шайкештиги дегенде анын пропорционалдуулугун, максаттуулугун жана зарылдыгын түшүнүүгө болот.

Мисал катары төмөнкү учурду элестеткиле: Түнкү талап-тоноолор, каракчылык учурларынын көбөйүп кеткендиги үчүн бийлик 00:00дөн кийин көчөдө жүргөн бардык жарандарды кармап, текшерүү үчүн РИИБге жеткирип туруу чечимин кабыл алды. Бийлик ал чечимин коомдук коопсуздук, адам өмүрүн жана жарандардын мүлктөрүн коргоо кызыкчылыктары менен түшүндүрдү.

Бир караганда мотивдери туурадай көрүнөт, бирок эгер ал чаралардын шайкештигин текшерсек, анда төмөндөгүдөй жыйынтыктарга келебиз:

— Коркунучтун мүнөзү менен алардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чараларды салмактоо менен биз ал чаралардын чектен ашкан экенин көрөбүз, анткени алар коркунучтун мүнөзүнө шайкеш эмес, биздин эркин жылып жүрүү эркиндигибизди кыйла чектейт;

— Андай чараларды көрүүнүн зарылчылыгы жок, анткени кылмыштуулуктун алдын алуу биринчи кезекте укук коргоо органдарынын деңгээли жана кесипкөйлүгүнө көз каранды болот.

Жарандардын түнкүсүн жүрүүсүнө чектөө киргизүү укук коргоо органдарынын жумушун жеңилдетет, бирок алардын кесипкөйлүгү менен интеллектуалдык деңгээлин жогорулатпайт. Башкача айтканда, түнкү кылмыштуулукка каршы жарандар үчүн режим киргизүү жолу менен эмес, а укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен күрөшүү керек.

Ошентип, коопсуздукту жана  башка адамдардын кызыкчылыктарын коргоо шылтоосу менен адамдын укуктарын, эркиндигин чектөөнүн арамза бузулушуна адамдын укуктары менен эркиндигинин приоритизациясы жана чектөөлөрдүн шайкештигинин конституциялык принциби тоскоолдук кылууда.

8.Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган улуу дөөлөттөрдөн сырткары «Улуу дөөлөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизин аныктайт жана мамлекеттик бардык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ишинин маани-маңызы болуп эсептелет, ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактарды ушул дөөлөттөрдү коргоого жана илгерилетүүгө милдеттендирет» деп жазылганын эске алуу менен андай конституциянын кабыл алынышы адам укуктары менен эркиндиктеринин максатка ылайыктуулугу жана шайкештиги принциби бузулган мыйзам долбоорлордун кабыл алынышына алып келет деп божомолдоого болот.

Мисалы, бийлик белгилеген өлчөмдө «адилеттүү» компенсация төлөп берүү менен жеке менчик объектилерди алуу сунушталган «Шаардын борборун реконструкциялоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынышы мүмкүн. Мында жеке менчикке болгон укук менен «жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү» дөөлөтү бир катарда туруп, бирок биринчиси экинчисинин алдында эч кандай артыкчылыкка ээ болбогондуктан улам мыйзам долбоору кабыл алынышы мүмкүн.

9. Андан сырткары мамлекеттик органдардын практикасында, адам үчүн өзгөчө оор болчу укук коргоо органдарынын практикасында укуктар менен эркиндиктерди чектөөнүн шайкештик жана максатка ылайыктуулук принциптеринин бузулушун күтүүгө болот. Ошентип кандай гана адам укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу, негизиз камакка алуулар, кылмыш иштеринин козголушу, кыйноолор, ал эмес адамды өлтүрүп коюу учурлары да коопсуздуктун, коомдук тартиптин же жогоруда аталган башка каалаган кызыкчылыктар менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Анткени ал кызыкчылыктардын алдында адам укуктары менен эркиндиги эч кандай артыкчылыктарга ээ болбойт.

10. Ошентип, жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн приоритетинин, укуктар менен эркиндикти чектөөнүн шайкештиги жана максатка ылайыктуулугунун принцибинин башкалары тарабынан бузулушу мамлекеттин полициялык кубатынын көзөмөлсүз күчөшүнө, репрессияларга жана диктатурага алып барат.

Уландысы бар…

Сүрөт: Time.kg