Атамбаевдин администрация жетекчисинин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча курган маегинен эмне белгилүү болду?

Президенттин администрация жетекчиси Фарид Ниязов Баш мыйзамга эмне үчүн өзгөртүү киргизиш керектиги тууралуу «АКИпресс» басылмасына маек курду.  

Ниязовдун маеги төрт бөлүмгө бөлүнүп «АКИпресстин» сайтына жарыяланган. Алар — бир, эки, үч, төрт. Kloop.kg президенттин жакын тарапташынын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча айткан маанилүү ойлорун чогултту:

Ниязов Алмазбек Атамбаевдин «жаңы үй-бүлөлүк режим пайда болбош үчүн» өзгөртүү киргизүү зарыл деген позициясын колдойт.

«Киргизиле турган өзгөртүүлөр алардын бири дагы өзүнүн алдына бардыгын басып калбоону болтурбоого; президенттин коопсуздукту сактап, тышкы саясатты аныктоосуна, парламент менен өкмөт мышык менен иттей болбой, өлкөнү өнүктүрүүсүнө, парламенттин башкаруучу абалын сактоодо биригип аракеттешүүсүнө алып барат. Ошондо бардыгы президентке көз каранды болбой калат. Бул коопсуздуктун жана көз карандысыздыктын кепили»

Atambaev-Farid-Niyazov

Ниязов каршылаштарын Кыргызстандын кимдир бирөөгө көз каранды болушун каалаган адамдардын үймөгү деп атады. Анын айтымында, сындагандар буга чейин өздөрү Баш мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышкан.

«Бизде өз айылынан да жүз добуш алалбагандар бар. Алардын чогулганы эң жакшы — ким көз карандысыздыкка жана жүйөөлүү пикирге каршы болгондорду эл көрсүн. Кимдир бирөөнө өлкөнүн келечеги барыбир, а кимдир бирөөнө жеке бейпилдиги маанилүү»

Администрация жетекчиси БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою кесилгендигине байланыштуу талаптарын «кемчилик» деди.

Ниязовдун айтымында, ишти кайра кароо талабы «улуттук коопсуздук жана Кыргызстандын көз карандысыздыгына доо кетүү коркунучу боюнча маселелерин көтөрдү».

«Эми Аскаровдун окуясындагыдай адам өлтүрүү иши эмес, а этникалык топтор ортосундагы мамилелер, мамлекетер аралык мамилелер боюнча иштер каралып жатканын элестеткиле, анда дагы адам укугунун бузулушун айтышабы? Ооба, кыргыз мамлекети эл аралык уюмдун сунушун четке кага алат, бирок коомдук пикир козголду, ага чет мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасирин кошолу. Интернет доорунда! Демек, мындай миналар турганда, төрт жыл күтүү жоопкерчиликсиз»

«Учурдагы саясий системанын иштиктүүлүгү көбүнесе президенттин жеке сапаттарына байланыштуу» дейт Ниязов.

«Азыркы саясатчылардын бири президенттин ордуна келишин элестеткиле. Ал туугандарынын, досторунун, жеке бизнес-кызыкчылыктарынын кысымына туруштук бере алабы? Өлкөнү дагы бир жолу коркунучка дуушар кылуунун кереги барбы? Өлкө алардын жеке сапаттарына көз каранды болбош үчүн системаны бекемдөө зарыл. Өлкөнү бир адамга көз каранды кылууга дуушар кылбаш керек. Эч ким өлкөнү артка чегинтүү, авторитардык башкарууну орнотуу кыялын ишке ашыра албагандай кылыш керек»

2015-12-24_17-41-56_766192_w

Жогорку баалуулуктар тууралуу норма Баш мыйзамдын преамбуласына айланышы мүмкүн. Ниязов жогорку баалуулуктар түшүнүгүн «олуттуу иштеп чыгуу керек» экенин айтты.

«1-беренеде берилген норманы преамбулага айландыруу керектиги азыр көрүнүп турат. Аларга болгон нормалык жүктү азайтуу. Иштеп жаткан Баш мыйзамдын күчтүү преамбуласынын маанисин өзгөртпөстөн көлөмүн кыйлага азайтып, жогорку баалулуктады көрсөтүү. Ошондой эле өзгөртүүлөр укуктарга доо кетирген мыйзамдарды кабыл алуу үчүн киргизилип жаткандыгы айтылууда»

Сотторду тымызын угуу нормасын «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов сунуштаган. Ниязов бул сунушту колдоорун айткан. Анткени сот кызматына бараткан талапкерлер «ал жакка каякка баратканын билүүсү менен барышы керек» дейт ал.

«Соттордун кыймыл аракетинин сапаттулугу жөнүндөгү Баш мыйзамга сунушталган талаптар, анын ичинде кат алышуунун купуялыгынан баш тартуу, тажрыйбалуу жана күчтүү соттордун келиши менен акталууда. Ага карабастан дагы кайталайм, соттун жеке маалыматынын жеке коопсуздугуна мамлекет кепилдик бериши керек. Бул өзгөртүүлөрдө берилген»

Ниязов премьер-министр менен министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн парламенттеги мандатынын сакталышын колдоорун билдирди. Анын айтуусуна карганда, бул парламет менен өкмөттүн карым-катнашын жакшыртат.

«Элестеткиле, премьер — башкы фракциянын лидери, анын орун басары — коалициянын катарындагы фракциянын депутаты. Анда токтомду жана мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүүдөн мурун, алар өз ара талкуулашып, макулдашылган вариантын киргизишет. Бул мыйзамдарды кабыл алууну жеңилдетет. Бул парламенттик башкарууга өтүүнүн дагы бир кадамы. Бизде мамлекеттик бийликтин бутактарын бөлүштүрүү принциби туура эмес туюндурулат. Бизде бул бөлүштүрүүнү карама-каршылык катары кабылдашат»