Башкы штаб: Курсанттар жакындарына арыздануу үчүн даярдык учурунда качып кетишти

Кыргызстандын 25 жылдык Эгемендүүлүк күнүнө арналган параддан Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин 69 курсанты качып кеткен. Башкы штабдын маалыматына ылайык, курсаттар эс алуу убактысынын аздыгына нааразы болушкан. Ал эми укук коргоочулар качып кетүүнүн себеби коркутуп-үркүтүү экенин айтышууда.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан билдиргендей, 9-августта Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинен качып кеткен 69 курсант, Эгемендик күнүнө арналган парадга даярдануунун жүрүшүндө эс алууну көздөшкөн.

«2016-жылы 9-августта кезектеги даярдануу учурунда эс алууга бөлүнгөн убакыттын аздыгына нааразы болушкан курсанттар менен алардын командиринин ортосунда тил келишпестик чыккан. Анын айынан 3-курстун тарбиялануучулары жакындарына арыздануу үчүн окуу жайдан кетип калышкан», — деп билдирди Башкы штаб өзүнүн басма сөз катында.

«Кылым шамы» укук коргоочу кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова Kloop.kgге курган маегинде лицейдин жана аскердик мекеменин жетекчилиги качып кеткен курсаттар «ишин жашырууга» болгон күч-аракетин кылышууда деди.

Укук коргоочунун болжолу боюнча, курсаттар зордукка кабылган, бул алардын качып кетүүсүнүнө себеп болгон.

«Менин оюмча, балдардын качып кетүүсүнүн башка да себеби бар. Бир-эки адам эмес, курстагы бардык курсанттар качып жатпайбы. Мунун өзү көп нерсени айтууда. Мен жетекчиликтин жашыра турган нерсеси бар деп болжой алам. Алар жашырган себептер бар. Балдар даярдануудан чарчашкан, кыязы, аларды эс алдырышпаса керек. Аларга карата физикалык зордуктун колдонулушун да четке какпайм. Мүмкүн дедовщина», — деди ал.

Абдирасулованын айтымында, окуу жайдын жетекчилиги курсанттарга жана алардын туугандарына басма сөз менен укук коргоочуларга маек курууга тыюу салган. Жетекчилик өзү окуу жайдын аймагына эч кимди киргизбей жатат.

«Биз төтрөөбүз кечээ күнү ал жакка бардык (лицейге). Бир саат бою күттүк, бирок бизди киргизишкен жок […] Биз балдардын аянтты бойлой марш менен баратканын көрүп,  алар менен маек курууга аракет жасадык. Бирок алар “эч нерсе айта албайбыз, бизге уруксат берилбейт” деп, бизден алысташты», — деп кошумчалады ал.

Лицейдин жетекчилиги качып кеткен курсаттардын окуясы боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Аскердик лицейден качкан курсаттардын окуясы 9-августта болгон. Басылмалар билдиргендей, качкандардын саны 69 түзгөн. Жетекчиликтин билдирүүсү боюнча качкан курсанттар эртеси күнү окуу жайга кайтып келишкен.

«Вечерний Бишкек» басылмасы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Адыл Курбановго шилтеме берип, лицейликтер менен алардын аскердик устатынын ортосунда тил келишпестик чыкканын жана окуя курстун жетекчиси майор А.Б.Байтанаевдин кызматтан кетүүсүнө себеп болгонун жазып чыккан.