Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн көрнөк-жарнактар 2016-жылдын аягына чейин алынат

Чүй жана Айтматов проспекттериндеги, Жибек-Жолу, Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү билборддор алынат — мэрия Эгемендүүлүк күнүнүн алдында баннерлердин демонтажын жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясы 2016-жылдын аягына чейин борбордук көчөлөрдөгү 200 көрнөк-жарнакты алып салат.

Абдрахманов, Байтик Баатыр жана Жибек-Жолу көчөлөрүндөгү жана Чүй проспектин бойлой баннерлер алынат. Учурда Айтматов (Манас) проспектиндеги билборддор демонтаждалып жатат.

Бул иш аракеттер КМШ мамлекет бышчыларынын отурумуна жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 25 жылдыгына карата жүргүзүлүп жатат.

«Демонтаждын негизги максаты — борбор калаанын көрүнүшүн жакшыртуу болуп эсептелет», — деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Басма сөз кызматынын айтымында, жарнама берүүчүлөргө реклама жайгаштыруу үчүн шаардын чет жакаларынан орун берилет.

Бишкек мэриясы майрамдардын өтүшү менен көрнөк-жарнактар кайра жол боюнча илинбешин убадалады.

«Континент Плюс» рекламалык агенттигинин жетекчиси Наталья Давиденконун айтымында, шаарды акырындык менен өзгөртүү керек. Бирок мэриянын билборддорду демонтаждоо иш аракеттери «бизнеске кесепетин тийгизет».

Мэрия жарнама агенттиктерине баннерлер үчүн жаңы орундар берилерин убада кылганын кошумчалады компаниянын өкүлү.

«Жаңы конструкция, жаңы концепция иштелип чыгат, ошондуктан “Белинкадан” дагы орундар сунушталарын вице-мэр убада кылган. Жолугушуу июлдун башында өткөн. Анда вице-мэр эки жума ичинде Башкы архитектуралык-пландоо башкармалыгы, башкы сүрөтчү менен биргеликте буга тийиштүүнүн бардыгын даярдоого тапшырма берген. Бирок ушул күнгө чейин жолугушуу боло элек», — деди Давиденко.

Бишкекти билборддордон тазалоо идеясы жаңы эмес. Буга чейин депутат Дастан Бекешев калаадагы баннерлерди демонтаждоо мыйзамын сунуштаган.

Ал демонтаждын зарылчылыгын билборддор шаардын көрүнүшүн бузуп, артындагы имаратты көрүүдө тоскоолдук жаратат жана айдоочуларды алаксытат деп түшүндүргөн.

Депутат бир гана шаардык мэрияга тиешелүү баннерлерди калтырып, Бишкектеги калган бардык көрнөктөрдү алып салууну сунуштаган.

Сүрөт: Sputnik.kg