Окуучуларга «экстремизм менен күрөшүү» үчүн диндердин тарыхы окутулат

Кыргызстандын он мектебинде 2016-жылдын сентябрынан тарта «Дин маданиятынын тарыхы» пилоттук сабагы окутула баштайт.

«Дин маданиятынын тарыхы» деп аталган жаңы пилоттук сабак Кыргызстандын он мектебинин 9-класстарынын программасына ушул жылдын сентябрында киргизилет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин директорунун орун басары Закир Чотаев Kloop.kgге бул диний сабактар эмес, «дин багытындагы» сабактар экенин айтты.

«Сабактар дин туурасында маалыматтарды камтыйт — дин деген эмне, диний ишенимдердин түрлөрү, кайсы дүйнөлүк жана аймактык диндер бар, алардын кайсынысы Кыргызстандын аймагында басымдуулук кылат, алар кантип өнүккөн», — деди ал.

Чотаевдин айтымында, бул сабакты киргизүүнүн максаттарынын бири — «радикализм менен экстремизмдин жайылуусуна каршылык көрсөтүү».

«Кыргызстандын ар бир облусунан Билим берүү министрлиги тарабынан пилоттук мектеп тандалып алынды. Басым Ош жана Бишкек шаарларына жасалат», — деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин директорунун орун басары.

Ал кошумчалагандай, 16сынан 18-августка чейин мугалимдер бул сабакты окутуу үчүн тренингден өтүшмөкчү. Сабактар учурунда окутуу китептери сунушталмакчы.

«Азыркы күндө биздин мектептерде дин таануу боюнча мугалимдер жок, ошондуктан тарых мугалимдерин кайра квалификациядан өткөрмөкчүбүз», — деди Чотаев.

Бул сабакты мектеп программасына киргизүү иштери 2014-жылы, мамлекет тарабынан дин саясатынын күчөшүнүн фонунда башталган болчу. Ошондо президенттин администрациясынын серепчиси Мира Карыбаева сабактын киргизилишин «мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары» менен түшүндүргөн.

Сабакты киргизүү үчүн долбоор 2013-жылы иштелип чыккан. Ага ылайык, дин таануу үчүн сааттар чет элдик тарых сабактарынын эсебинен бөлүнөт.