Сүрөт: Бренддер донордукту колдоо үчүн өз аталыштарынан тамгаларды өчүрүүдө

#MissingType социалдык кампанияcы бренддердин аталышынан, ысымдардан жана логолордон О, А жана B белгилерин алып таштап, натыйжалар менен коомдук тармактарда бөлүшүүгө чакырууда. Флешмоб кан донорлорун тартуу үчүн өткөрүлүүдө.

Улуу Британиядагы кан жана орган которуу улуттук борбору кан донорлорунун санынын аздыгы көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн коомдук тармактарда флэшмоб баштады. Акциянын демилгечилери дүйнөлүк бренддердин аталыштарынан жана адамдардын ысымдарынан «A», «B» жана «O» тамгаларын алып таштоого чакырууда.

Бул тамгалар кандын топторун билдирет. О — биринчи топ, А — экинчи, В — үчүнчү, АВ — төртүнчү. Тиешелүү тамгаларды өчүрүп салуу менен иш-чаранын демилгечилери уюмдарды ошол топтогу кан доноруна айлануусун каалашат.

Акциянын уюштуруучулары ар кандай себептерге байланыштуу кан бербей калгандардын ордун толуктоо үчүн 200 миңге жакын жаңы донорлор керек экенин билдиришти. Улуу Британиядагы кан бергендердин саны 2015-жылы 2005-жылга салыштырмалуу төрт эсеге кыскарган.

Флэшмоб экинчи жыл катары менен өткөрүлүп жатат. Былтыр акция Англиядан жана Уельстен 30 миңден ашуун жаңы донорлорду өзүнө тарткан. Быйыл иш-чара Улуу Британиянын чек арасынан чыгып, аны 21 өлкөнүн уюмдары колдошкон. Учурда кампания дүйнөнүн миллиондон ашык жашоочуларын өзүнө камтыды. Флэшмоб 21-августка чейин созулат.

Акция сын пикирлерсиз өтпөй калган жок — флэшмоб гейлерге жыныстык катнаш болгондон 12 айга чейин донор болууга тыюу салды. Ден-соолук департаменти салынган тыюунун кайра каралаарын билдиргенин жазып чыкты BBC.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, кирешеси жогору болгон өлкөлөрдө 1000 адамдан 33ү кан берет, орто кирешелүү өлкөлөрдө — 1000 кишиден 11и, ал эми аз кирешелүү өлкөлөрдө — 1000 кишиден 4ү.