Бишкек: Алты жаштагы бала жөө адамдар өтүүчү тилкеде жол кырсыгынан каза болду

Бишкектин борборунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден апасы менен өтүп бараткан алты жаштагы баланы айдоочу коюп кетип, наристе эки сааттан кийин ооруканада жан берген.

Жол кырсыгы 18-августта Айтматов проспектинде болгон. Баласы менен жолдон өзүнүн жарыгында өтүп бара жаткан апасын «Тойота Приус» унаасынын 23 жаштагы айдоочусу коюп кеткен.

Жол кырсыгына күбө болгондордун айтымында, энеси баласы менен Айтматов проспектинен өтүп бара жатканда, Токтогул көчөсүнөн жогорку ылдамдыкта бурулуп чыккан унаа аларды коюп кеткен. Апасын жолдун чекесине сүрүлүп, наристе болсо дөңгөлөктүн астында кала берген.

Бала ооруканага жеткизилип, эки сааттан кийин алган жаракатынан каза болгон, энесинин болсо дене сыйрылып көгөргөн.

«Бала өтө көп жаракат алып, жашоого туура келбей калган. Алты жаштагы наристе ооруканага келгенден эки сааттан кийин жан берди. Энесине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү, андан соң ал үйүнө чыгарылды», — деди Kloop.kgге Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин айтымында, жол кырысыгы айдоочунун этиятсыздыгынан улам болгон.

«Айдоочуга жол коопсуздук эрежесин бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Учурда айдоочу кыз убактылуу кармоочу абакка киргизилди», — деди ал.

Айдоочуга 281-берененин 2-пунктунун негизинде кылмыш иши козголгон. Аталган беренеге ылайык, айыпталуучу үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Автор: Алтынай Обосканова
Сүрөт: АКИпресс