«Китепкөй Эркиндик»: Окууга болгон сүйүүгө кайтуу

Элүүдөн ашык адам «Китепкөй Эркиндик» флэшмобуна катышты. Акциянын уюштуруучуларынын максаты — элди коомдук жайларда китеп окууга кызыктыруу.

Колдонмо урбанистика мектеби 21-августта Эркиндик бульварында китеп окууга арналган флэшмоб өткөрүштү. Уюштуруучулар орундуктарга таңгакталган китептерди коюп, бишкектиктерди ачык асман алдында китеп окуу канчалык деңгээлде кызыктыраарына байкоо жүргүзүшкөн.

IMG_7679_1

Китептер китеп окууга тарткан чакырыктар жазылган кагаздарга оролгон. Китеп окууга кызыгуу чоң болгондуктан, акция пландалгандай кечки беште аяктаган жок.

IMG_7673-1

Акциянын уюштуруучусу Алтынай Абдрахманова Kloop.kgнин кабарчысына флешмоб китеп окууга болгон суроо талапты аныктоо үчүн өткөрүлгөнүн билдирди.

«Биз китепкөйлөр каалаган убагында келип, китеп окуп, кааласа үйүнө алып кетип, өздөрү дагы китеп алып келип турушу үчүн көчө китепканаларын уюштуруп, буккроссинг (китеп алмашуу) системасын түзүүнү максат кылдык», — дейт ал.

111___

Дагы бир уюштуруучу Атай Самыйбек адамдар кийинки учурда китепти аз окуп калгандыгын белгиледи.

«Маалымат алуунун башка жолдору пайда болду, бирок китепсиз таза билим алууга жана жаңы муунду тарбиялоого мүмкүн эмес. Биз китеп окуу эч кимди таң калтырбай, адаттагы көрүнүшкө айланышын каалайбыз», — дейт Атай Самыйбек.

IMG_7681_1

Акциянын катышуучусу Бектур башка адамдарды китепти сүйүүгө үндөө үчүн флэшмобго катышкан.

IMG_7705_1

«Мен акция тууралуу “Фейсбуктан” окуганда эле абдан кубандым. Анткени өзүм китеп окууну жакшы көрөм жана башкалар да бул кызык дүйнөгө киришин каалайм. Азыр мен курактуулардын көбү китеп окууга кызыкпагандыгы мени өкүнтөт» десе, флэшмобдун дагы бир катышуучусу Алтынай «Мен бул жерге кокусунан эле келип калдым. Сейилдеп жүрүп, флэшмоб тууралуу курбумдан уктум. Орундуктарда жаткан китептерден алдык да, жыргап бирге окудук» деп жылмайды.