Фрэнк Оушендин «Endless» жана «Blonde» альбомдору: бир баш жакшы, экөө андан артык

Фрэнк Оушен төрт жылдык тыныгуудан кийин эки альбом менен кайтып келди. Kloop.kgнин музыкалык сынчысы Азамат Өмүралиев анын альбомдорун угуп көрүп, музыкалык чыгармаларга бай үстүбүздөгү жылда «Башкы альбом-2016» наамына талапкер пайда болду деген жыйынтыкка келди.

Акыркы күндөрү сиздин Facebookтагы лентаңызда же негизги бетиндеги эң көп каттаган сайт катары Фрэнк Оушендин аты жазылып жатса керек. Мунун себеби өтө талантуу жана өжөр музыканттын жаңы музыкасы эмес. Кеп анын кандай музыка чыгарганында.

Төрт жылдай Оушен ың-жыңы жок жоголуп кетти десек болот. 2012-жылы гана керек болсо Кендрик Ламардын таш-талканын чыгарган «channel ORANGE» аттуу альбому жарык көрдү. Ламар өспүрүм курак менен расалык айыгышуунун, үй-бүлөлүк мамилелер жана абийир-намыс темасына сүңгүп бүткүчө, Оушен жаңы музыкалык толкундарды жаратып, эң абройлуу музыкалык басылмалардын жылдын альбому наамы үчүн күрөшкө чыкты. Ал попсанын тапталган жолуна түшкөн r’n’b жанрына жаңы дем берди жана Марвин Гей менен Стиви Уандердин заманына кайтарды.

Оушенге атак алып келген тректердин бири

Ал төрт тарабы төп келген чыгарма жаратты. Ал обондун керемет дүйнөсүнө кайтарып, лирика менен поэзияны адамдардын эсине салды. Ал channel ORANGдин жеңишинен киийн ачык кат жарыялап, гейлерге рэп жана хип-хоптун сценасына жол ачты. Анан кайра дымы чыкпай калды.

Ар кыл ушактар журдү: бирөөлөр жаңы альбомдун үстүнөн иштеп жатат дешсе, айрымдары Tidalдын стримингдик сервиси үчүн чыгат дешти. Жергиликтүү хип-хоп сахнанын жаңы жылдызынын бул убакта өзүнүн Twitter баракчасында «Nikes» чыгармасын жарыялап жатканын эч ким аңдаган жок.

Жакында күбүң-шыбындар кайра үчөдү. Релиздин чыга турган күнү, Boys Don’t Cry деген аты тууралуу болжолдогон уу-дуу кептер чыгып, анонс берген сайт да жаралды.

Анан альбом да чыкты.

Endless

Альбомдун атын басып, Endless видеожазуусуна туш болосузfrank-ocean-endless-696x696

Бул өткөн жуманын аягында адаттан тыш формада өттү. Apple Musicте Фрэнк Оушен өзү шаты жасап жаткан 40 мүнөттүк ролик пайда болду. Кадрдын артында Endless ойнолуп турат.

Аны ушундай гана кейипте угууга болот. Эгер Бейонстун альбомдору эки форматта — фильм жана трекбаракчалуу традициялык альбом катары чыкса, Endless үчүн видеофайл гана жетиштүү болду. Албетте, эптүүлөр торрент-трекерлер үчүн өзүнчө тректерди чыгарып жиберишти, бирок чыныгы альбом өзү мындай эмес. Альбомдун концепти боюнча,  угарманга кырк мүнөттүк аудио-видеофайл гана сунушталган.

Бул 40 мүнөт чындыгында бир эле узун музыкалык чыгармадай сезилет. 18 ыр бир чыгармага биригип, бул мейкиндикте Оушен нормаларды каалагандай калчайт.

Эгер Endless жана Blonde альбомдору эгиз болсо, анда биринчиси тартынчаак, элге аралашпаган түнт бала болмок. Бирок, оозу ачканда эле цитата жана стейтменттер гана оозунан чубурмак. Endlessти түшүнүү кыйын. Гитаранын күүсүнүн, татаал сөз айкаштарынын алдында шумдуктуу обон жашырынып турат. Бирок аягына жете уккан адам жемишин татат. Роликти жарым саат укандан кийин Оушендин керемет күүсү күчөйт.  

Эгер сиз Jamie xxтен башка эч ким үй шартында классикалык дискотека уюштура албайт деп ойлосоңуз жаңыласыз, мына, Фрэнк Оушен өзүнүн ‘Florida’,  ‘Rushes’ жана  ‘Higgs’ чыгармалары менен жылдын эң мыкты музыкалык чыгармаларынын далысын жерге тийгизди.

Views Дрэйктин мээ сергиткен, куюлган күүлөрү жактыбы? Оушендин инструменталдык ‘In Here Somewhereсин” тыңшаңыз. Жаңы жылдыз Anderson Paakтын соул-эксперименттери жактыбы? Мына сизге Джонни Гринвуддун ыкмасынлдагы гитара абаздары жана цитаталар тексти.

Бирок бул альбомдо сөзгө маани көп берилбейт. Эзилген, көп кырлуу үн алдыңкы планга чыгып, Оушендин лирикасы бири бирине катталышкан саптардын арасында көрүнбөй калат. Мисалы куплеттеринде эмне айтылып жатканы ажыратууга мүмкүн эмес. Текстти жыйынтыктаган ‘What can I do?’ деген суроо ар кыл форманы кийип, айкын баяндайт.  

Blonde

Frank-Ocean-Blonde

Blonde болсо Endlessтин карама-каршысы. Куюлушкан аваздуу визуалдык альбомдун ордуна эклектикалык добуш, таза обон, түшүнүктүү речетативдер ордун басат.

Blonde — табууга оңой диск. Анын треклисттери, хитке айланган ырлары (Nikes, ‘White Ferrari’) жана эрксизден адам ичинен кайталаган саптары (‘This bitches want Nikes, but the real ones’) бар. Endlessтин обондуу толкундарын ордуна так структура, оңой ажыратууга мүмкүн болгон мелодия келет, белгилүү музыканттар жана классификациялоого мүмкүн болгон жанрлар аралашат.

Blonde альбомун түзүүчүлөрдүн тизмеси өтө бай. Ага керек болсо Уэста The Life of Pablo, Ламар, Бейонсе, Канье, Джонни Гринвуд, The Beatles, Джеймс Блейк, Рик Рубин да ичи күйүшү мүмкүн. Бирок альбомдо Оушендин өзүнүн гана чыгармалары басымдуулук кылат. Анда кулак бышып бүткөн «фиттер» биргелешип ыр жаздыруу) жок. Мисалы, ‘Pink + Whiteта Бейонсе катышуучу катары көрсөтүлгөнү менен, анын үч гана секунддук обон созуусу бар.

Blonde альбомунда  Endlessтен айырмаланып, текст алдыңкы позицияга чыгат. Оушендин таланты тексттен көрүнөт, бирок ал албетте өзүнүн чийген чийими менен кеткен. Альбомдогу чыгармалардын тексттери курч жана мурчтуу, бирок сүйүү жаатында. Анын чечендигинин деңгээлинин жогорулугу ушунда — бир караганда саясаттан тыш сезилген саптары чындыгында гей-коомчулугун колдоп турат.

Blondeдун обондуулугу да жайында, күтүлбөгөн белектери да толтура. Мисалы, хип-хоп, r’n’b басымдуу болушу керек болгон альбомдо биринчи планга гитара жана симфониялык аранжировка чыгат.

***

Жыйынтыктап айтканда, көп кишинин плееринде Endless эмес Blonde орун алышы мүмкүн. Ал кечелерде, көңүл ачууларга ылайык. Ал бир эле убакта ондогон жанрды камтыган. Ал күндүн музыкалык маанайын түзө алат. Оушендин бул жылы чыккан башка чыгармаларынан айырмалап турган өзгөчөлүк ушул.

А 2016 — музыкалык чыгармага өтө бай жыл. Бирок Оушендин чыгармасы жыл аяктаарына төрт ай калганда эле, кайсы альбом биринчи орун аларын айкындап койду.

БЕРИЛГЕН БАА
Endless и Blonde
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com
frenk-oushendin-endless-zhana-blonde-albomdoru-bir-bash-zhakshy-ekАл кечелерде, көңүл ачууларга ылайык. Ал бир эле убакта ондогон жанрды камтыган. Ал күндүн музыкалык маанайын түзө алат.