АФКнын кубогу: «Дордой» «Каса Бенфиканы» жеңип, тандоо раундуна катышууга мүмкүнчүлүк алды

Бишкектин «Дордой» клубу Макаонун «Каса Бенфикасын» 2:1 эсебинде жеңди. Эки беттешүүнүн жыйынтыгында Азия футболдук конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тандоо раундуна жолдомо утуп алды.

«Дордой» менен «Каса Бенфиканын» беттешүүсү 23-августта болуп, жыйынтыгында Бишкектин футбол клубу 2:1 эсебинде утушка ээ болду. Бул беттешүү «Дордой» үчүн чечүүчү роль ойноду, анын шарапаты менен  престиждүүлүгү боюнча экинчи орунда турган клубдук азиат турнири — АФКнын расмий бөлүгүнө жолдомо алышты.

IMG_1634

Турнир башталгандан үч мүнөттөн кийин эле «Бенфиканын» футболчусу Хосе Филипе топту дарбазага киргизди. Бирок гол футболдук талаанын кожоюндарынын маанайын түшүргөн жок, 11 мүнөттөн соң эсеп теңелди. Курсант Шератовдун пасынан соң Давид Тетте башы менен дарбазага топту дал киргизди.

afk_main-1068x601

Жеңиштүү голду Бишкектин клубу стандарттуу киргизишти. «Бенфиканын» дарбазасына айып голу дайындалып, муну Мирбек Ахматалиев ийгиликтүү ишке ашырды. Бул гол «Дордойду» алдыга сүрөп, турнирдин тандоо раундуна катышууга мүмкүнчүлүк берди.

IMG_1700 IMG_1709 IMG_1728

Голдор:

3’ Хосе Филипе («Каса Бенфика»)
11’ Давид Тетте («Дордой»)
77’ Мирбек Ахматалиев («Дордой»)

Сөз болуп жаткан таймаш «Дордой» спорттук комплексинин стадионунда болуп өткөн квалификациялык турнириндеги жыйынтыктоочу беттешүү болду. Алгачкы беттешүүдө «Дордой» Гуамдан келген «Роверс» клубун опоңой эле жеңип койду. Эки гол киргизген соң бишкектик клуб топтун лидерине айланды.

IMG_1821 IMG_1847 IMG_1849

АФКнын тандоо туру 2017-жылдын башында башталат. Ушул эле баскычта 2015-жылдагы Кыргызстандын чемпиону — Оштун «Алайы» да ойнойт.

Сүрөт: Уулжан Саякбаева