Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанындагы атышуу: ИИМ «кылмышкерлерди кармап жаткандыгын» кабарлады

Атайын бөлүк Түгөлбай-Ата жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде «кылмышкерлерди кармоо» боюнча операция жүргүзүп жатышат. Күбөлөр ок атуулар болду деп билдиришсе, милиция аны «кылмышкерлерди кармоо» деп түшүндүрүштү.  

Ок атуулар болгондугу тууралуу билдирүү 23-августта 23:40та түшкөн. Күбө Анастасиянын айтымында, Түгөлбай-Ата жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн короосунда адамга ок чыгарылгандыгы болжолдонууда. Бирок адам өлтүрүү тууралуу бул билдирүү азырынча эч кандай расмий тастыктала элек.

«Бизде кимдир-бирөөнүн атылгандыгы бышык, чогулган эл өлүк жатышы мүмкүн жерди карап жатышат. Бул жактан жакшы көрүнбөй жатат, бак-дарак тосуп калды. Бизге бул жакка киришпөөбүздү буйрушту, анткени атайын кызмат иштеп жатыптыр. Мунун баарын бизге кадыресе кийинген адамдар айтышты, андан кийин ОМОНчулар пайда болду», — дейт ал.

Анастасия атайын бөлүктүн кызматкери кармалган адамды кабат үйдүн кире беришине алып киргендигин, бирок анын короодо жаткан адам экендигин же башка дагы бир адам экендиги белгисиздигин кошумчалады.

Анын айтымында, ал милицияга телефон чалган, бирок ал жактан атайын операция тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын билдиришкен. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн бири дагы окуя тууралуу түшүндүрүп бере алышкан жок жана «өтө орой мамиле жасашкан».  

«Бардыгы биз ок атууларды угуп, терезеден караганыбыздан башталды. Бул жерде 10-15тей адам турган. Алар белгисиз объекттин жанында чогулуп турушкан. Биз сурамжылай баштаганыбызда алар бул биздин ишибиз эмес экенин айтышты», — дейт Анастасия.

Анын айтымында, күндүз эле Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү көпүрөдө атайын бөлүктүн автобусу турган. Бирок бул райондо август айында тез-тезден аскердик окуулар өткөрүлүп тургандыктан көңүл бөлгөн эмес.

Kloop.kgге райондук милициянын нөөмөт бөлүгү Биринчи Май сотунун аймагында «"Альфанын" атайын операциясы» өтүп жаткандыгын тастыкташкан. Нөөмөтчү «кылмышкерди кармап жатышат» деп жооп кайтарган.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кылмышкерди кармоо жөнүндө маалыматы жок экендигин, эртеси күнү кайра телефон чалып сурообузду өтүндү.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге атайын операция алардын мекемеси аркылуу жүргүзүлбөгөндүгүн, ошондуктан кылмышкерди кармоо тууралуу эртең менен такталарын билдирди.

Ошондой эле ал операция убагында кимдир-бирөөнүн өлтүрүлүшү тууралуу маалыматты ал тасыткай албайт. Анын айтымында, бул маалымат «быша элек».

Күбө жиберген сүрөт