Бишкек: «Манас» аба майданына чейинки жолду Көчмөндөр оюндары башталганга чейин бүтүрүүгө убада беришти

Транспорт министрлиги «Манас» аба майданын Бишкек шаары менен байланыштырган трассаны Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана КМШ өлкөлөрүнүн саммити башталганга чейин оңдоп-түзөп бүтөбүз деп убада кылышты. Оңдоп-түзөө иштери бир жыл мурда башталган.

Транспорт министрлиги аталган жол августтун аягына чейин пайдаланууга берилерин билдирди.

Министрликтин маалымат катчысы Бегайым Канат кызынын айтымында, 30-август — жол оңдоо иштеринин аяктай турган расмий датасы. Ал подрядчы-компания кетирген кемчиликтерин оңдоп, жолдун бир жагын пайдаланууга бергендигин тастыктады.

Сөз болуп жаткан жолдун 24 чакырымын реконструкциялоого мамлекттик бюджеттен 954 миллион сом жумшалган.

Жолду оңдоп жаткан «Технотоп» компаниясынын мүдүрү Евгений Тимошенко Kloop.kgге асфальт толугу менен салынып, жолдун бир тарабына чийимдер толугу менен түшүрүлгөндүгүн, экинчи бөлүгүнө чийим түшүрүү иши 70 пайызга аткарылгандыгын билдирди.

«Жол 25 августта ачылат, бирок асфальтка чийим түшүрүү жол кыймылы жүрүп жатканда эле жүргүзүлө бермекчи», — дейт Тимошенко.

Анын айтымында, азыр трассада жол белгилер коюлуп жатат жана майда жумуштар аткарылууда.

«Текшерүү убагында премьер-министр айткан кемчиликтердин баарын жойдук. Жолдун чыгыш тарабындагы асфальтты өзүбүздүн эсебибизден алмаштырдык», — дейт ал.

Жолду реконструкциялоо толук бир жыл жүргүзүлдү. 2015-жылдын июлунда вице-премьер-министр Валерий Диль жол кийинки жылдын сентябрына чейин пайдаланууга берилиши керектигин талап кылган.

Ондоп-түзөө иштери бийлик тарабынан бир канча ирет сынга алынган. Иш башталгандан кийин ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев оңдоо иштерин тездетүүлөрүн талап кылган.

Жол оңдоого азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдин да ичи чыккан эмес. 8-июлда текшерүү жүргүзүү убагында Жээнбеков жүргузүлгөн иштерди начар сапатта деп таап, кайра жасалсын деп буйруган. Ага кеткен чыгымды тендерден утуп алган компания мойнуна алган.

Бишкектин жашоочулары оңдоп-түзөө убагында жолдун чекесиндеги бак-дарактар менен бадалдардын кыйылышына жана көчүрүлүшүнө нааразы. Бирок бийлик аларды көчүрүүнү улантып, муну «өсүмдүктөргө кам көрүү» деп түшүндүрүшкөн.

Мамэкотехинспекциянын маалымат-кызматы бак-барактарды кыюу «мыйзам чегинде» экендигин тастыкташты.

«Жолдун чекесиндеги авариялык абалдагы бак-дарактарды кыюуга уруксат сураган эки айыл өкмөтүнүн каты бар. Бардыгы 104 карыган бакты кыйышат. Бардыгы мыйзам чегинде», — деген мамэкотехинспекция 24.kg маалымат агенттигинде.

Соавтор: Айзирек Алмазбекова
Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы, Сабыр Аильчиев