Чүй облусунун Мээнеткеч айылында Нурлан жана Элдияр аттуу балдар жашайт. Алар кичине кезинен кулактары укпайт жана сүйлөй алышпайт. Алар биргелешип алып кулпунай өстүрүп, аны сатуу менен каражат табышат.
«Кулпунайды өзүбүз тергенге жетише албайбыз, ошол себептүү ар бир терилген кулпунайдын чакасы үчүн 35-50 сомдон төлөп, кишилерди жалдайбыз», — дейт Элдияр.
Базардагы алып сатарлар бир чака кулпунай үчүн 80-90 сом төлөшөт, ошондо Нурлан менен Элдиярга жарым чака кулпунай пайдага түшөт.
Бала чагынан бери дос болуп келе жаткан Элдияр менен Нурлан ар кыл жумуштарда иштеп көрүшүп, беш жыл мурда талаага кулпунай айдап, аны сатуу менен каражат табууну чечишкен.
Нурландын айтымында, кулпунайды баладай багуу керек: жазында отургузгандан киийн убагында сугарып, отоп, муруттарын жулуш керек. Биринчи түшүмүн май айында бере баштайт. Башында мөмөлөр азыраак чыгат, кийин көбөйөт.
Майдын сезону бүткөндөн кийин, кулпунай июль айында жемишин төгө баштап, түшүм берүүсүн кеч күздөгү биринчи кар түшкөнгө чейин улантат. Бир түп кулпунай беш жыл түшүм берет.
«Алгачкы эки жылда жемиштер чоң-чоң болот. Анан майдалана баштайт, баасы да төмөндөйт», — түшүндүрдү Нурлан.
Нурландын энеси анын уулу менен кызы эмгекчил экендигин, кулпунай менен жакшы каражат табышаарын баяндады.
Келечекте эки дос тапкан акчаларына адегенде үй салып, анан үйлөнөбүз деп кыялданышат.
Элдияр менен Нурландын мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигин алардын достугуна бөгөт коё алган жок.
«Биз башка адамдар менен оңой эле пикир алышабыз. Бизди көп адам түшунөт, айрымдары биздин тилде (жаңсоо) сүйлөгөнгө да аракет кылышат», — дейт Нурлан.
Түшүнө албагандар үчун эң жөнөкөй жол бар — жазышуу.
Автору: Алтынай Обосканова